Султан Садыралиев "Кыргыз бийи"
Жанр:Поп
00:04:10
60,26 Мб
Жүктөлгөн: 13-08-2014


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:М. Ниязов, А. Отунчиевдики

Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкты бул таппайсыӊ,
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн.

Кайырма:
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеӊил болгун булуттай,
Жерге бутуӊ тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!

Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын күнгө теӊелсин,
Жаштыгыӊдын жамалы.

Кайырма:

Жүрөгүӊү тыбырат,
Жүлүнүӊдү кыбырат.
Дем кошулсун демиӊе,
Дене боюӊ чымырап.
Мелтиребей жарышкын,
Мезгил менен зымырап.

Кайырма:

Эргүү мындай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көӊүлү толорбу.
Тоӊуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.

Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыӊдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыӊдасын.

Кайырма:
  • Currently 4.74/5
(82 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (206)

14.08.2014. 01:40
 nurzada1992
Соз жок эн эле сонун клип, ыр болуптур. 2014-жылдын супер клипи жана ыры деп баа бердим. ..
14.08.2014. 02:16
 nabi89
Азаматсын султан сонун болуптур ийгилик сага
14.08.2014. 02:39
 Qnet
Ушунчалык ар кандай сезимдерге толуп,толкунданып турам негедир...Ушундай клип коромун деп ойлободум эле. Жонокой жигит,жон эмес клип тартыптыр го! Келгиле мекендештер ушул клипти "Жылдын супер клиби" болуш учун добуш берели!
14.08.2014. 02:52
 alai81
Коп меенет жумшалганы бут сёмка танга маал тартылганынан эле билсе болот.Азаматсын бали Султан бар бол.
14.08.2014. 03:14
 k_medi04
эн сонун, азаматсын СУЛТАН!!!
14.08.2014. 05:31
 adiku
Супер Азаматтар!!!
14.08.2014. 05:35
 Talastan
Таласым го менин Таласым Манас Атанын Кумбозу го.
14.08.2014. 06:17
 Talastan
Бали бали Султан оркунун оссун.
14.08.2014. 08:04
 Shaki
Супер ыр! Супер клип! Жылдын супер ырчы мырзасы! Ушул уч номинацияга толугу менен татыктуу! Султан Азамат!
14.08.2014. 08:09
 jypara1415
Ырдын текстин жазган , обонун чыгарган , майын чыгара ырдаган , клипти мыкты тарткан , 250 бийчи катышкан - бул деген зор эмгек . Ушундай биримдикте иш алып барсак , ар тараптуу мыкты болобуз ! Ар ким өз жерин ( областын ) сүйүп мактабай , биздин Кыргызстан - деп жүрөлүчү ? !
14.08.2014 09:15
Shaki
jypara1415, 100% кошулам...
14.08.2014. 08:33
 Damir_Narmatov
Азаматсын Султан чыгарманы мыкты аткаргансын. Ы.Жабировдун эмгеги менен жаралган Кыргыз бийи.
14.08.2014. 08:34
 ayakosya
Султан чакырса мен деле бийлеп берет элем. Сонун клип. Ачылышында Камила Талиева журот го Султанды манасчыга айлантып жибербеди бекен?
14.08.2014. 08:49
 sultanna_kg
Коруп алып суктанып олтурам. Кыргыз жери ушунчалык кооз. Жаратылышынын ар бир ташына чейин маани берип караган адамга озгочо бир суктанууну, жан дуйнонду толкуткан озгочо бир сезимди пайда кылат. Кыргыз жеринин сулуулугун дагы бир ирет даназалап кадрга тушургон Султанга азаматсын деп айткым келет. Жаратылыш койнундагы кыргыз бийи коз жоосун алган сулуулукту берип олтурат. Чындыгында биримдик менен кыргыз жеринин кооздугун ачып бериптир. Жалпы чыгармачыл топко ийгилик каалайм. Таазим силерге!!!
14.08.2014. 09:10
 beibika92
Рахмат ушул килиптин чыканына сонун болуптур
15.08.2014 10:06
Farida11
Кооз жерлерден тартылыптыр! Жакшы ыр экен,султан жакшы ырдаптыр. Бирок бийге түшөө турган ыр эмес экен. Кара жоргодой бийге тартпайт, укканга жакшы.
17.08.2014 14:01
LISICHKA
Farida11, бузукуууууу!!!!!
14.08.2014. 09:12
 ay.zi
Патриоттук сезимдерди ойгото турган соонун клип , ыр болуптур! Супер! Сулайман Тоодогу жери козумо аябай эле соонун корунду) Ордолуу Ошума азыр эле учуп жетким келип кетти)
14.08.2014. 09:16
 ay.zi
Формалары жонундо айтпай кетпесек болбос!
14.08.2014. 09:21
 jasi
Нукура КЫРГЫЗ жыттанган клип болуптур! Азаматсыз Султан! Ушундай клиптерди кобойто берин!
15.08.2014 00:38
Farida11
Султандын ырдаганы бийк денгээлде, бирок бийлегени суктандырбайт. Бийди сыймыктанарлык кылып жакшы үйрөнсө болмок экен.
14.08.2014. 09:32
 peri411511
Азамат эн бийик денгээлде ыр, клип!!! Соз жок!!!
14.08.2014. 09:39
 bekbolot929312
Коруп козумо жаш алдым, мындай клип коро элек элем. Чоон рахмат.
14.08.2014. 10:53
 Jeki
Буйруса абдан жакшы клип болуптур. Султан азамат. Спонсоруна да рахмат. Ушундай спонсорлор коп болсо баардык чыгармачыл адамдар алдыга жылат эле...
14.08.2014. 10:56
 eltilek
Азамат мына ушуну ыр,клип десе болот кайдагы суйдум куйдум олдумдордон коро эн жакшы.Ар бир кыргыздын патриоттук сезимдерин ойгото турган клип болуптур.Султан мырзага ийгилик мындан да жакшы ырларды жарата берсин.
14.08.2014. 11:26
 Aydan
Султандын ырдаганы жагат, клиби да сооонун болуптур. Байке таклыпай иштей бериниз. Сизди суйообуууз :)
14.08.2014. 11:51
 aku
Ваууу.аябай жакты кооз жерлер,козун тойбойт корсон да,толкунданып отуруп кордум. Бали режиссерго.
14.08.2014. 12:32
 mirbek89
Баракелде эн бийик даражада тартылган видеоклип болуптур! Азамат Султан,Авторлорго да баракелде!!!
15.08.2014 19:54
Farida11
Башкы максат ыр чыгаруу болсо, максат ишке ашыптыр. Султан жакшы ырдаптыр, эгер максат бий жаратуу болсо ой ишке ашпаптыр. Учурда эл Кара жорго бийлеп көнүп калган. Клип флешмобго окшоп калыптыр, бирок мекенибиздин кооздугу жакшы тартылыптыр. Бали!
14.08.2014. 12:34
 erlan.90
Супер-пупер
14.08.2014. 13:42
 Gaydana
Бул ырды көргөндөр тим эле Султанды айга күнгө теңеп жатат. "Аты калды Манаска" дегендей эле көрүнүш болуп жатат. Ушул долбоорду уюштуруучулар кайсы ырчыга ырдаталы деп Султанга токтолушкан. Бул ырды любой башка ырчы ырдап калышы мүмкүн болчу. Султанга просто повезло. Андыктан, бир гана Султанды мактагандык туура эмес. Кудрет Тайчабаров ФБга жазыптыр. Мен да созуно кошулам.
14.08.2014 14:05
gooool
Gaydana, Айга кунго тенебесе,же тенегиси келбесе озу ырчы болуп ырдабайт бекен,эмне пешенеси экен ырдап калды,Султан коп ырчылардан караган ото талантуу,берилип ырдайт,канча каралап коро албасанарда султанга жетпеген ырчылар толо,азамат султан талантына талан кошулсун,бир соз менен ЭРКЕКсин!!!!...Модератор admin_superstan түзөттү 14.08.2014 14:19
14.08.2014 14:15
alai81
Gaydana, ким ырдаса да Султандай ырдай албайт болчу.Султандын уну элдик ун.
14.08.2014 15:20
mikinookat
alai81, oova unu tunuk/jetkirip yrdait jetchu jerge /Rahmat Sultan ukaaaa
15.08.2014 00:46
Farida11
Султандын ырчылык чеберчилигинде шек жок. Азамат!
14.08.2014 22:39
nargul
Gaydana, ичин куйуп атса туз жалааа... орустардын жакшы созу бар "завидуй молча"
15.08.2014 00:45
Farida11
Кыргызстандын эң мыкты клиби деп айткандарга кошула албайм. Кыргыз жеринин кооздугу керемет-мында сөз жок. Бирок бий керемет болбой калыптыр. көп бийчилер бийлептир сөз жок, бирок кыймылдардан Кара жоргонукун эске албаганда, баягы эле"биздин "беш ыргай" болуп калыптыр. Жаңылык, өзгөчөлүк, көркөмдүүлүк, жаратмандыктан кабар жок.
15.08.2014 01:34
Shaki
Gaydana, бул жерде Алтынбек Сулаймановдун демоорчулугу менен, Рысбек Жабировдун долбоору болуп жатат. Бул чыгарманын устундо канча адам эмгектенген жана коптогон ырчы аткаруучулардан Султан Садыралиев тандалып алынган, себеби Султандын уну, ар бир чыгарманы журокко жеткире аткаруу дарамети куч. Албетте, ырды ким аткарса, атагы, данкы ошодо калат. Ал эми мурдунан алысты коро албаган, корпенделер кылдан кыйкым издей беришет, ошол Фейсбуктагы Кудрет Тайчабаровго окшогондор...
14.08.2014. 14:06
 AKJOL88
негизи эле кимге буйруса ошол адам ачык жакшы ырдаптыр клип да тунук соонун болуптур баарына терен ыразычылык айтышыбыз керек султанга жарашыптыр ыр азаматсын султан ийгиликткерди жарата берсин демекчимин
15.08.2014 00:53
Farida11
Султан ырды жакшы ырдаган, Султанга буйрусун! Сурайын дегеним: Негизги максат ыр чыгаруу беле, же бийжаратуу беле? Максат ыр чыгаруу болсо, максатына жетиптир. Эгер бий жаратуу болсо, тилегине жетпептир. Бул ырга эл бийге түшпөйт.
16.08.2014 11:44
Nurbol
Farida11, туура
14.08.2014. 14:21
 Asanovna1805
Супер клип болуптур. Азаматсын Султан!!! Дагы да коптогон ийгиликтерди багынтып журо бер.
14.08.2014. 15:50
 melek1
Bul jerde Ryspek Jabirovdun emgegi zor jana sultan sadyralievdi tandagandary da 4on plyus bolgon.klipti korkuno 4ygargandar biychiler boluptur.jeti dubandy kydyrywyptyr.kop karajat ketkeni korunup turat.kozumdon jaw tegerenip kettiii.kyrgyzstandy sagyndym.talasymdy sagyndyym
15.08.2014 01:01
Farida11
Мындай клипти ашып кетсе 10миң долл тартса болот. Рысбек Жабиров акем 50нүң 20сын өзү алып, калган 20сын детдом, карылар үйүнө берип койсо, накта патриот болмок, популист болбой. Бетке айткан сөздү заары жоктур?
14.08.2014. 15:53
 g.nur
Колдогон демоорчулорго, тартуучу топко, режиссер Суйун Откеев, коркун ачкан бийчилерге, Толук жеткиликтуу аткарган Султанга ыразычылык.
15.08.2014 01:05
Farida11
Европадан билим алган режиссер Сүйүн Откеевдин тартканы ушул болсо, "ишенген кожом сууга агыптыр". мындай клипти азыркы жаш балдар инженер, экономист-режиссер, клипмейкерлер колдун учунан жасай алат. Клип заманбап эмес. Пейзаж кана мыкты!
15.08.2014 11:22
suimon302010
Farida11, Ичиниз куймок турсун, орттонуп кетиптир гоо, ушунчалык да коро албастык, ич куйдулук болобу адамда, мындай болсонуз озунузду озунуз жеп койосуз, Клип да , ыр да, бий да бааары эн мыкты денгээлде!!! Бир да адам терс коммент калтырбапыр сизден башка!
15.08.2014 14:33
Farida11
Султандын ырын укканга жакшы, бирок бийге тартпайт. Клип ортозар, табитиңизди өстүрүңүз. Эң мыкты клип ушул болсо,анда Кыргызыстандын чыгармачыл денгээли ушундай төмөнбү? мындай клипти 10жыл мурун көрчүмүн. Же сизге дагы пияр кылганга долларлардан бөлүп берди беле!? Мындан көрө "Кызыл өрүккө" бийлеген жакшы!
16.08.2014 04:51
Alai.kyzy
Farida11, зээрикпей ошончо жагымсыз билдируу жаздынызбы? Султан керемет аткарган. Кимдин акчасы кетти, канча кетти ал бизди кызыктырбайт. Бул клипти 50жылдан кийин корсо да болот, кыргыз бийи очпойт! Кээ бир адамдар оз жашоосуна, ийгиликсиз жумушуна нааразы болуп, анан бул жактан женилдешет окшойт жону жок билдируулорду жазып! Султан мыкты артист!!!
17.08.2014 17:26
LISICHKA
Farida11,Султанда очун бар беле? бир убакта суйуп журуп жетпей калган окшойсун,же сенин суйууно жооп бербей койгон окшойт мынчалык асылганына караганда.
18.08.2014 03:38
Shaki
LISICHKA, в точку! Модолес!
16.08.2014 01:44
aziko88
Farida11, ааай ийиий сен тартчы Бир клип айдаганын беш эчки ышкырыгын таш жараттан болуп колунан келбегенден кийин минтип чон суйлобо суйунбойсунбу кайра мынча ичин таар адамсын,астагфир Алла сенбейлерге ыйман берсин,Азамасын Султан сени мн сыймыктанабыз!!!!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: