Султан Садыралиев "Кыргыз бийи"
Жанр:Поп
00:04:10
60,26 Мб
Жүктөлгөн: 13-08-2014


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:М. Ниязов, А. Отунчиевдики

СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ: “КЫРГЫЗ БИЙИ” КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭҢ КЫМБАТ КЛИП БОЛДУ”
Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкты бул таппайсыӊ,
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн.

Кайырма:
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеӊил болгун булуттай,
Жерге бутуӊ тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!

Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын күнгө теӊелсин,
Жаштыгыӊдын жамалы.

Кайырма:

Жүрөгүӊү тыбырат,
Жүлүнүӊдү кыбырат.
Дем кошулсун демиӊе,
Дене боюӊ чымырап.
Мелтиребей жарышкын,
Мезгил менен зымырап.

Кайырма:

Эргүү мындай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көӊүлү толорбу.
Тоӊуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.

Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыӊдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыӊдасын.

Кайырма:
  • Currently 4.74/5
(82 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (206)

13.08.2014. 16:08
 jypara1415
Бөлүнбөйлү , бири - бирибизди колдойлу , биздин маданият да өсүп - өнсүн !
13.08.2014. 16:08
 Daiza
Аиий коруп коз суйунотго)))))))) Сары-Челек колундо тартылган кадрлар коп экен;))))) Супер!!!
13.08.2014. 16:22
 aske27
эх кандай соонун клип,азамат!!!мына эми клипке окшоптур.Кыргыз жеримдин кооздугу коз уялтат дуйнону кыдырсанда тапайсын,эч нерсеге алмаштыргыс эч нерсе менен ченелгис кыргызстаным.Суйом сени кыргызстаным.
13.08.2014. 16:29
 edu.kg
Азаматсын Султан сен болбосон бул кыргыз бийи да жоголойун деп калды эле... азаматсын азаматсын азаматсын!!!!.. Накта кыргызча клип болуптур ушул демилгени которуп чыккандарга рахмат накта кыргыз экенинерди далилдединер коруп алып патриоттук сезим ойгонду рахмат силерге чоооооооонн... Алга КЫРГЫЗСТАН,,,,
13.08.2014. 16:32
 edu.kg
Клипте баары топ келишип иштелип чыгыптыр соз жок азаматсынар!!! Коруп коз суйунтоорлук кылыпсынар!!! Добуш берууну да унутпагыла суперчилер ....
13.08.2014. 16:57
 suyom_seni
Журок кубанган, жузун жылмайган, дем куч берген клип болуптур! Алла кыргызым!!)
13.08.2014. 17:40
 emiranzar
Бали Бали!!!!соооонун клип болуптур!
13.08.2014. 17:41
 gooool
Чоооон мээнет,эн сонун Султан негизи талантууу,негедир баарынанда Ош шаарым ото жагымдуу корунду...)))
13.08.2014 19:06
Ilays
Кыргызстанды айланып чыгыптыр
13.08.2014. 18:03
 ahmed
bravo +5
13.08.2014. 18:05
 Alisher
Nukura kirgiz jitangan ir jana klip boluptur korgondo deneler chimirap aytilgiz sezim mn kayata kayta kordum..Sultan Sadiraliev jana Suyun Otkeev iygilik...
13.08.2014 19:25
Arstan
Alisher, өзүбүздүн бир жакшы кыргыз тамгалары менен жазсаң сен да нукура кыргызча жазган болот элең.
13.08.2014. 18:43
 aryshka
Эн жакшы.
13.08.2014. 18:43
 Sharipa-asia
Сулайман тоо озунчо клиптин коркун ачыптыр, балли Султан мырза ишине ийгилик каалайм! Кырргыз жериме таазим, баарынан биздин жерибиз Кыргызстан кооз олко
13.08.2014. 18:45
 begim12
+1000000000000,супер суперский
13.08.2014. 19:04
 Dinakg
Керемет!!!
13.08.2014. 19:07
 suimon302010
Азаматтар!!!! Аябай сооооонун! Кайра кайра коруп козум тойбойтат
13.08.2014. 19:19
 welldone
Супеееер клип болуптур Кыргызстандын болгон кооз жактарын коргозгон ийгилик
13.08.2014. 19:21
 Arstan
Чынында мыкты клип болуптур.Көрүп алып көз кубанат экен.Ушундай сонун жерлерибизди өз мезгилинде,кооз убагында тартыптыр.Азаматсың Султан!
13.08.2014. 19:48
 altywka65
Ен сонун
13.08.2014. 19:59
 mi-li-na
Ырды да ото жогорку денгээлде аткарган а клипти ким тартса да чеберчилик менен тартыптыр кайра-кайра коргун келет экен, бали!!! Ыр деген ушундай болот, азамат Султан!!!
13.08.2014. 20:20
 adidas.08
эн кымбат клип экен айтыштары боюнча
13.08.2014 21:17
Marta
Ушул нукура кыргыз жыттанган, керемет чыгарманын устунон иштеген командага чон ыраазычылык! Бул клип, жылдын супер клип наамына 100 % татыктуу! Ал эми Султандын унуно, аткаруу чеберчилигине соз жок! Супер ырчы Султан Садыралиев!
13.08.2014. 22:08
 Samat.A.A
Ааа балли Султан азаматсың, ушуну клип десе болот чиркин. Керемет кыргыз жери, керемет кыргыз эли, бул клипке 5 эмес 25 деген баа бердим.
13.08.2014. 22:08
 bakay93ka
бали бали бали бали бали азаматтар азаматтар Султан сөз жок
13.08.2014. 23:25
 elina
Азамат Султан мырза, мына клип деп ушуну айт. азамат
13.08.2014. 23:47
 deer
Ukmush!!! kayra kayra korup toyboy oruram, ayrikcha chet jakta saginip jurgon mekendeshter uchun ayabay sonun klip boluptur. Bul jaktagi dostorubuz da korup jaktirishti, uluttuk kiyimder, tabiyatibizga. klipti tartkan jalpi komandaga AZAMATSINAR demekchimin!!!
13.08.2014. 23:56
 Mariyana
Эн соонун, азаматсын Султан бали...
14.08.2014. 00:04
 name.pfs
АЙ АЙ АЙ эн соонун Султан Байке,чнында соонун ыр базар жок клип болуптур,аябай аракет жумшалганы корунуп турат,...болбосо уну кыргыз элдин кулагына синип калганда,манызын чыгарып ырдайт !!!!
14.08.2014. 00:13
 djkaro
Эн сонун, эн жакшы,конул которот го.султан чыныгы талант.
14.08.2014. 00:13
 admin_superstan
Kasietim, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
14.08.2014. 00:28
 ela_man-93
Эн сонун!
14.08.2014. 01:21
 ASO
Ысык-Кол корунбойтко? Ысык-Кол жок клип тузсуз болуп калыптыр! За то Баткен бар экенда!
14.08.2014 02:32
Sharos
ASO, Рух ордо журот го, колдун озу болбосо да
14.08.2014 11:19
musa1986
ASO, Рух ордо, ар жагында кол корунуп турат, "Бышкан ишке сынчы коп"- болбонузчу
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: