Султан Садыралиев "Кыргыз бийи"
Жанр:Поп
00:04:10
60,26 Мб
Жүктөлгөн: 13-08-2014


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:М. Ниязов, А. Отунчиевдики

СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ: “КЫРГЫЗ БИЙИ” КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭҢ КЫМБАТ КЛИП БОЛДУ”
Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкты бул таппайсыӊ,
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн.

Кайырма:
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеӊил болгун булуттай,
Жерге бутуӊ тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!

Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын күнгө теӊелсин,
Жаштыгыӊдын жамалы.

Кайырма:

Жүрөгүӊү тыбырат,
Жүлүнүӊдү кыбырат.
Дем кошулсун демиӊе,
Дене боюӊ чымырап.
Мелтиребей жарышкын,
Мезгил менен зымырап.

Кайырма:

Эргүү мындай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көӊүлү толорбу.
Тоӊуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.

Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыӊдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыӊдасын.

Кайырма:
  • Currently 4.74/5
(82 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (206)

13.08.2014. 15:42
 lady-jemchug
Мына сага нукура кыргыз клиби!Коргондо бут журогун менен кыргыз экенинди сезесин.Султанга дагы да ийгилик,майын чыгарып салыптырго.
13.08.2014 21:34
RUSLAN.KG
Султанга, созун, обонун жазгандарга, клиптин устунон иштегендерге, режиссер, оператор ж.б. бийчилерге терен ыраазычылык билдирем! Кыргызстанга барып келгендей эле болдум! Ушунчалык кооз, керемет жерибиз бар! Рахмат!!!
13.08.2014. 15:46
 samidinova84
Укмуштай сонун.
13.08.2014. 15:47
 kaiurka
браво соонун колип болуптур
13.08.2014. 15:47
 merez_jurok
Клип керемет экен. Манастын кумбозун коруп кубандым. Клип коптогон мээнет менен, каражат менен тартылса керек. Мандай тер менен тартылган клипке алдыда жакшы комментарийлер жазылат деген ишеничтемин)))
13.08.2014. 15:49
 hihikayu
эн соонун ыры чыккандан баштап куто баштагам клипти,Ошто тартылган жери олло сонун болуптур кооз жерлерибизди тартыптыр.Ммм коруп тойбоймунгооо...
13.08.2014. 15:54
 nazima_89
Эээн сонун клип супер Тарыхта кала турган клип болот
13.08.2014. 15:56
 nurizka..
соз жок Азаматсыздар!!!
13.08.2014. 16:01
 GUMU
балиии!!! керемет. баардыгы топ келишкен:олкобуздун сулуулугу, ырдын мааниси, бийи. но комент.
13.08.2014. 16:06
 jypara1415
Жети дубандын ынтымагын бекемдеген клип болуптур . Азаматсыңар ! ! ! Ушунча бийчилер , дегеле ынтымак , биримдик менен иштелип чыгыптыр .
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: