Сайкал Садыбакасова "Кайдасың сен?"
Жанр:Поп
00:04:50
73,32 Мб
Жүктөлгөн: 08-10-2008


Сөзү:Г.Садыбакасованыкы
Обону:Г.Садыбакасованыкы

Кой дебедим жөнү жок шашсаң да,
шылтоолоп качсаң да.
Кой дебедим кайрылбай кетсең да,
азапты чексем да.
Ой тилегим чачылды сыздадым,
арманда ыйладым.
Кой дебедим калтырып көңүлүңдү,
кайгыга салсаң да.

Кайырма:
Сүйүүгө ишенем,
Мен үчүн барсың ар дайым.
Жүрөктү ээлеп сен,
Түбөлүккө эсте калдың.
Махабат кайдасың, ак сүйүүм,
Кайдасың, кайдасың сен, кайдасың сен.

Сүйүүгө ишенем,
Мен үчүн барсың ар дайым.
Жүрөктү ээлеп сен,
Түбөлүккө эсте калдың.
Махабат кайдасың, ак сүйүүм,
Кайдасың, кайдасың сен, кайдасың сен.


Кел дебедим сагындым өзүңдү,
самадым көзүңдү.
Кел дебедим, зар болду көңүлдөр,
саргайды сезимдер.
Кел дебедим кезиктиң жолумдан,
кетпедиң оюмдан.
Кел дебедим, ууланды жүрөгүм,
уурдалды тилегим
  • Currently 3.75/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (59)

08.10.2008. 14:34
 Шаиста Шатманова
Сулуу экен. Ыры да, клиби да, катышкандар да. Жигит менен кызды кайдан таап алган, Сайкал? Бул кыз дагы далай жакшы ырларды алып чыкчудай.
08.10.2008. 14:50
 жаным
ушул жерде клипте карасанар, экоосунун эшиги бир жерде, т.е жакын анан кайдан каптал жагында айнек бар, ал жерде по идеии дувал болуш керек да ошону караганда эмес, тууууй атта, клип деген ушу деп эле тарта береби .....бут баарын караш керек да,....
а так ыр аявай жакшы ыр
08.10.2008. 15:26
 kokbet
Сайкал сексуальная тартылыптыр! Ыр ничо экен, клып тоже! Бирин кок бетенсендагы экинчин кайрымдуу бол деген таалими бар сыяктуу...
08.10.2008. 17:25
 qwerty
хорошая песня
умница!отличное исполнение!
09.10.2008. 09:38
 jakshy_kyz
Жаным, терезелер туура эле турат! Кам санаба. Бул ляп эмес. Терезелер короону карап турат.. Клип жакшы, каармандардын жүзүндө киииичине эмоция жетишпетат.. А Сайкал негизи эле азамат.
09.10.2008. 14:05
 Akko
Бул клип Кыз-Бурактын башка клиптерине салыштырмалуу со вкусом тартылыптыр, жакшы десек болот. Кобунчо "DDD pro records" штампует, бул жерде озунчо подход кылыптыр.
10.10.2008. 10:15
 sher
aaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaa
koro albay koydum
aaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaa
11.10.2008. 23:38
 jazka
Saikaldyn sylyy yny,sylyy jyzy bar!birok sahna jyldyzy bolgondyktan,kichine aryktash kerek.
12.10.2008. 17:59
 altysha
Сонун ыр мага жагат,клиби да жакшы тартылган,интересно баланы кайдан тапты экен.
14.10.2008. 22:21
 narnianboy
"JANYM" degen bala tuura aitat. Chin ele bir komnatada tartiptir. Eki eshiktin arasi 20-30 santimeter anan kirgenden kiyin kizdiki sol jaka keneibei ele on jaka keneip ketti. Paralarinin birishtarinan beeri birdei.

Kiz kachan sumkani ala kaldi tigil baladan. Je komnatada murda bar bele. Birok sumkanin ustundo jabishkan ak kagazdan beri okshoshup turat go.

Ir da jakshi klip da. Birok logikani unutpashsa bolmok.
18.10.2008. 23:48
 ella
cонун
30.10.2008. 16:19
 Djan
Saikal molodets,umnichka. Pesnya horoshaya.
23.11.2008. 12:43
 АРСТАН
СУЛУУ, БИРОК КИЧИНЕ АРЫКТАСА ЖАКШЫ БОЛМОК!
26.11.2008. 18:52
 ХАНЗАДА
Менимче бул клип оштогу пекин мейманканасында тартылса керек. Ыр супер. Клип да супер. Сайкалтай, азамат
27.11.2008. 17:40
 Зарема
Очень милая девочка.
30.11.2008. 03:36
 АРСТАН
Жакшы Сайкал чыгармачылык ийгилик!
01.12.2008. 20:35
 janarbek
Биздин кыкендер качан бир маани бере турган клип тартат болду экен?
02.12.2008. 13:56
 deva
Кызык, жигит бир да жолу жылмайбаптыр Бирок сонун аткарган
05.12.2008. 13:28
 Baibeshin
Шикарный клип экен просто супер Сайкал ийгилик сага
05.12.2008. 22:09
 Сыйкырчы
эмнегедир Сайкалдын ырлары бир нукта клиптин озгочолугу жакты Сайкал ушул ылдамда игилике умтула бер
08.12.2008. 09:57
 arzuu
жакшы.клиби да жакты!
12.12.2008. 02:30
 naki
Песня супер.Клип тоже не че.Да вот только мучает один вопросик, этот мальчик все таки догнал ее или же нет?
16.12.2008. 12:02
 Зарема
Сайкал озун абдан татынакай кызсын! Бирок качан клипинди корбойун, желмогуздай эле балдар менен тартыла бересин. Айтайын дегеним клипке сулураак балдар менен тартылсан жакшы болмок!
21.12.2008. 12:05
 moi lev
Желмогуздай бала деп ким жазган?! Супер сексуальный жигит болуп турбайбы! Айрыкча душтун алдында турган момент тим эле -мммм... Малдес Сайкал!
26.12.2008. 17:33
 Черный Ангел
Сайкал азамат кыз! Клиби кичине начар экен. Ырына слов нет!
26.12.2008. 18:34
 dilara
Kaydasin dep Saykal menen kosho jariship kundo irdaym!
07.01.2009. 15:28
 Зарема
Кудай сакта ушул бала супер сексуалный корунуп жатабы сага moi iev? Общипанный индюка окшоп туратко, озун ошол баланы жакшы таныйт окшойсун ээ жазганына караганда???
07.01.2009. 15:32
 лунка
Ыр супер!Бирок сенден башкасы ырдаганда жакшы болмок!
09.01.2009. 10:01
 AIPESHA
saikal sen supersin irin maga aiabai jagat
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: