Азиза "Сагынамын"
Жанр:Поп
00:03:48
58,84 Мб
Жүктөлгөн: 23-06-2010


Сөзү:А.Кариповдуку
Обону:А.Кариповдуку

Жүрөктөн сүйүү тамып,
Жалындап, күйүп-жанып.
Жарык чачып мага,
Сенин сүйүүң гана ээлеп алды, жаным.
Сүйүүнүн ыргактары жүрөктү ырдатабы?
Айтчы, бул махабат,
Жүрөктү жаралап,
Сагыныч сыздатабы?

Кайырма:
Сагынамын, сагынамын,
Сабырым калбады.
Күндөр өтөт, куса тартамын.
Жалынамын, жалынамын,
Жаратканга жалынамын,
Мага бурчу сүйүү жарыгын.

Келесиңби сен деги?
Жазып жүрөк черимди.
Жолуң карап келем,
Сагынычым менен.
Сени эңсеп, сени,
Жашырбай жүрөк сырын,
Жазамын сүйүү ырын.
Сен деген сезимим,
Чок болуп эзилди,
Сени күтүп, сени.

Кайырма:
  • Currently 4.67/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (47)

23.06.2010. 10:37
 лунка
голосу тунук экен............жакшы.
23.06.2010. 10:48
 sakunya
мындай стил жарашпай калат экен
23.06.2010. 11:45
 Латыш
Класс!
23.06.2010. 13:09
 ХАНЗАДА
Жок, мага жакпады. Ыры да, клиби да
23.06.2010. 17:42
 honey
Орто. Уну деле орто. Азиза эжеке дагы аракет кыл! Ой болбойт, го мындай. Мен бир гана кыйкырыктан башка эч нерсе уккан жокмун. Ырды укканда эс алат дечу эле, а мен кайра аябай чарчап калдым.
24.06.2010. 00:23
 crick
Норм эле алга....
24.06.2010. 02:38
 aygulya
жакшы ыр болуптур мага жакты.
24.06.2010. 08:12
 lira
Unu jakkan jok...Yrdyn korkun buzup kouptur.
24.06.2010. 10:59
 Шаиста Шатманова
Клипке жакшы эле аракет кылыптыр. Бирок ырдын обону такыр жаккан жок. Азизанын уну жакшы эле. Бирок обону кыйратпаган сон кантип ырдамак эле? Кыйналып эле кыйкыра бериптир.
24.06.2010. 20:27
 kuttum seni
Жапжакшынакай эле уну бар экен, кыргызча эле комуздун коштоосунда ырдаса сонун болот эле. Рок жарашпай калат экен
25.06.2010. 15:09
 MaRmeLaDka
Ырдайт десе эле чыңырып ырдай бериптир го.Мага жаккан жок! Эптемей.
25.06.2010. 18:08
 janim
Достор эмнеси жаккан жок???Баары эле соонун болуп турбайбы...Буга окшогон клипти буга чейин коргон эмесмин мен,эн соонун болуптур анча мынча клиптерге караганда...Унунун тунуктугун карасанар достор Азаматсыз Азиза...Ийгилик каалайбыз.
26.06.2010. 07:34
 Каракыргыз
Jakshi jakshi !!!
27.06.2010. 03:45
 темирбек мамажусуп
ырдын жана клиптин жакшы жаман болушу ар адамка карап озгорот
27.06.2010. 12:32
 АйГа
Жакшы. Гулнур эжеге окшошуп кетет экен.
27.06.2010. 16:04
 DJMYRZA
Аранжировка лажовая!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: