Каныкей "Жүрөк сыздайт"
Жанр:Поп
00:03:29
45,26 Мб
Жүктөлгөн: 25-02-2015


Сөзү:Каныкей Алымбекованыкы
Обону:Каныкей Алымбекованыкы

Не себептен, не себептен,
Бактылуу күн бузулат?
Туталанам, туталанам,
Көзүмдөн жаш сызылат.
Бакыт кушу, бакыт кушу,
Учуп кетти колумдан.
Ала кетти, ала кетти,
Сүйүү отун кокустан.

Кайырма:
Жүрөк сыздайт, жүрөк сыздайт,
Өткөн күндү эстесем.
Таттуу күндөр, таттуу күндөр,
Кетпей койду эсимден.
Издеп күтөм, издеп күтөм,
Сүйүүмдү мен алыстан.
Бирок сүйүүм, бирок сүйүүм,
Менден качат алыстап, алыстап.

Ойлономун, ойлономун,
Өткөн күндү элестетип.
Өкүнөмүн, өкүнөмүн,
Тагдырыма башымды ийип.
Бар бакытты, бар бакытты,
Учурупмун колумдан.
Махабаттын көгүчкөнү,
Кайрылбайт го жолунан.
  • Currently 2.29/5
(24 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (46)

25.02.2015. 12:52
 Guki
коптон бери ойлонуп тарткан клиби ушул бекен!!!
25.02.2015. 13:46
 RusNon
мен да озгочо клип болот деп куткрн элем...
25.02.2015. 14:07
 merez_jurok
Мурда ар бир клиби терен маанини камтычу эле, мунусу "клип не о чем"болуп калыптыр. Чыгармачылыктан алыстап, ой-чабыты томондоп кеткен корунот.Кантсе да кайра сахнага кайтканына кубанычтамын
25.02.2015. 14:42
 kulpun88_kg
эч тушунбодум мурункусу жакшы болчу
25.02.2015. 15:17
 tima_aiperi
Клиптеги бала жолдошу эмеспи или мен адашып жатамбы
25.02.2015 15:32
Daiza
tima_aiperi, адаштыныз жолдошу башка ) http://www.super.kg/article/?article=30811
25.02.2015. 15:20
 makwell
маанилуу ыр ырдаса не болот эле...же
25.02.2015. 15:51
 karona
Мындан кийин дагы коптогон жагымдуу чыгармаларды кутобуз.
25.02.2015. 15:59
 Dashi
Тушунбодум
25.02.2015. 16:23
 SULUU-KYZ
betme-bet chyrgarmasyn kamtygan go degen oigo keldim
25.02.2015. 17:06
 nelya88
Каныкей,чыгармачылык ийгилик,сага!Талантын оркундоп осо берсин!Оригиналдуу,уккулуктуу,жагымдуу ырларын менен элибизди суйунтуп журо бер!
25.02.2015. 17:44
 roza960801
Ийгилик!
25.02.2015. 19:27
 sekelek96
Ыр аябай жагат!
25.02.2015. 20:54
 rnurzida
Ыры го жакшы. Клипти эч түшүнө албадым. Каныкейди эмнеге өлтүрмөк болушту, ал эмне кагазды өрттөдү, түшүнүксүз го. Тиги шеригин өлтүрүп коюп, экөө качып кетиштиби ошондо?
25.02.2015. 23:33
 Deesmond
Каныкей эже сиз эмне???
25.02.2015. 23:59
 Miya
Болбой калыптыр. Мындайды клипти мен деле тартмакмын. Дагы мен Каныкей деп коет. :))). Фантазия жок. Мааниси жок. Башы жок болсо идея кайда болот. Продюсери ойлончуда. Куйоосу экоо болуп ушуну тартса анда билбейм. Звездить этейн дегенго куйосу. Хахахааа
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: