Арсен "Энекебай"
Жанр:Поп
00:03:40
62,33 Мб
Жүктөлгөн: 08-06-2015


Сөзү:Өмүркул Кулумбаевдики
Обону:Кубанычбек Осмоновдуку

Энекебай, оо, ыйыгым, ыйыгым,
Энекебай, оо, кутманым, уюгум.
Агып келип тамырыңдан алтымыш,
Алтын өмүр бешигиңе уюдум.

Сен көз жумсаң, унутармын жыл чыдап,
Мен көз жумсам, көз өткөнчө буркурап.
Апакебай, кара чачың куу болуп,
Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап.

Энекебай, билем, туям эмгегиң,
Энекебай, өмүр жашың мен жедим.
Кантип мени карыш жолго узатсын,
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгеним.

Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгенмин,
Кирпик какпай канча жолу термедиң.
Татыбайт го минуталык толгооңо,
Менин күн-түн алып келип бергеним.
  • Currently 4.50/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (40)

08.06.2015. 17:34
 snejinka
Сапатка көңүл бурат дайым,көргөндө көзүн тойбос клип болуптур.Кичине бала-Чоң актер болот го буюруса!
08.06.2015. 17:41
 messi_1987
неге аягын кайгылуу кылып адамдын журогун эзе бересинер клип тартканда?неге аягын кубанычтуу кылып бутурбойсуздор!!!
08.06.2015. 18:20
 Kursan58
Mykty klip boluptur azamatsyn Arsen
08.06.2015. 23:55
 selfish
Энекесинин боюнда барго))
09.06.2015. 02:43
 ailam14
Жакшы
09.06.2015. 03:18
 Qnet
Ото сонун клип болуптур!Жаратылыш,актерлордун мыкты ойногону,Арсендин уну,айтоор баары сонун!
15.06.2015 12:45
Habib
Qnet, даа точно
09.06.2015. 09:27
 Aipri
Арсен кандай соонун ырдайт. Клипти жогорку денгээлде тартылыптыр.
09.06.2015. 09:35
 deva
ыйлаткан клип болуптур! Актрисалардын баары, алар менен биргеликте кичинекей бала сонун ойноптур
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: