Автандил "Кара жаным"
Жанр:Поп
00:03:53
53,61 Мб
Жүктөлгөн: 06-07-2015


Сөзү:Жаңылай Кекееваныкы
Обону:Автандилдики

Ашыгым, айтар сөзүм сага деген,
Ажарыңды айга теңеп келемин мен.
Жүрөгүмдү, жан дүйнөмдү сага арнасам,
Ак сүйүүмө ишенбейсиң эмнеге сен?

Кайырма:
Кара жаным, кара жаным,
Кайдигер мени карабагын.
Кайда барсаң, кайда жүрсөң,
Карааныңа зарыгамын.
Кара жаным, кара жаным,
Кайда барсаң жаныңдамын,
Капысынан алыстасаң,
Кайкып учуп мен барамын.

Башкага ыраа көрбөйм сени, жаным,
Канчалардан өзүң мага буйругансың.
Айтып бүтпөс махабатым сага арнасам,
Аппак сүйүүм сендик гана, арзыганым.

Кайырма:
Кара жаным, кара жаным,
Кайдигер мени карабагын.
Кайда барсаң, кайда жүрсөң,
Карааныңа зарыгамын.
Кара жаным, кара жаным,
Кайда барсаң жаныңдамын,
Капысынан алыстасаң,
Кайкып учуп мен барамын.
  • Currently 4.62/5
(29 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (40)

06.07.2015. 18:42
 kama_future_millioner
Жакшы экен баарынан да көпүрө жакты
06.07.2015. 19:44
 ailam14
Жакшы Таш-комурдон тартылганго дейм
06.07.2015. 22:32
 World_of_tanks
Клип жакшы эле бирок жер которбогондой тиги жакка чыгып алганы болбой калган кол жээгинде туруп да ырдаса болмок а так нормально кол жээгиндн туруп ырдаса азыркы озу турган жерден айлананы алса еще красиво чыкмак
06.07.2015. 23:19
 maks94.kb
Super azsmatsun
07.07.2015. 00:19
 brunette
Кыз жигит экоо кантип табышып алышты? Ошону да окшотуп койсо болмок экен. Кулап пулап кетпесекен деп коркуп турдум, клип жакшы. Озгочо чыгыптыр.
07.07.2015. 00:35
 Aichoy
Жакшы,клиптерибизде улучшения бар,ийгилик! Бирок тияка кантип чыгып алдын Афтан?
07.07.2015. 01:05
 aiana94
Озгочо клип болуптур мага жакты
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: