Автандил "Жагамбы?"
Жанр:Поп
00:03:38
50,25 Мб
Жүктөлгөн: 22-01-2016


Жылмайып күлсөң жарашкан,
Жан биргем, мени карасаң.
Жагамбы сага, жагамбы,
Жактырып койчу жанашсам.

Көңүлүм бурдуң көйкөлүп,
Көздөрүм сени саматкан,
Көңүлдү тартып өзүңө,
Көйгөйүм болбо, садагам.

Кайырма:
Арбалдым сага,
Сага деген сезимим таза,
Азапка салба,
Эки жүрөк табышса гана.

Башкалар мендей барктабайт,
Баркыңды билбейт, баалабайт.
Бактылуу кылар мен болом,
Байыр алып мага жандасаң.
Алдабайм сени, алдабайм,
Ак сүйүүм арнайм, каражан,
Апакай сүйүү, таптаза,
Ак сүйүүң мага арнасаң.

Кайырма:
Жарыгым, арбалдым сага,
Сага деген сезимим таза.
Азапка салба,
Эки жүрөк табышса гана.
  • Currently 4.89/5
(18 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (35)

22.01.2016. 21:00
 Sultanim
Aiabai soonun klip boluptur!abdan jakti!kizdin mimikalari da jasalmaluu bolboi mikti oinoptur!
22.01.2016. 22:00
 Ern
Автандилдин көкүлү эле бир укмушко))))))))
22.01.2016. 23:49
 Aibekaiym
Негизи эле жакшы ырдайт, ырдыда мааниси менен)))Азамат ийгилик!!
23.01.2016. 00:25
 Beka95
Ушул да тынымсыз аракет устундо интерьвюга чакырып койсонор болмок супер инфо. Жеке жашоосу тууралу.
23.01.2016. 00:41
 World_of_tanks
Жакшы клип болуптур бирок ыр жакты
23.01.2016. 03:39
 Milana.
сонун ыр да клипда
23.01.2016. 04:41
 Adi.Avazbekov
Klip jakty ozgocho
23.01.2016. 10:57
 Eva77
Мага баардык ырлары жагат! Ийгилик каалайм! Клипи соонун болуптур, озгочо чукосу)))) Байкасанар, ырларынын тексттери толук жазылган, маанилери терен. А кебер ырчылар торт сап создорду эле 100 жолу кайталап ыр кылып койушат. Суйунуп калдым. Чоон рахмат сиз бизге ырларынарды сунуштаганыз учун. Супер Инфого чоон рахмат, ар дайым жаны ырларды жуктой бергиле!
23.01.2016. 13:48
 aikowa.aikado
молодец Автандил...
23.01.2016. 14:41
 kanykey125
Сонун мага да баардык ыры жагат
23.01.2016. 16:06
 muzykant
Азаматсын тембрын жакты ырматтуу админ ырдын жаратуучуларын кошо жазып койсонуздар жакшы болот эле
23.01.2016. 23:43
 Patriot007
Ыр жакшы денгээлде жазылыптыр,создору маанилуу экен.Клип орто бир коргонго болот.Чыгармачылык ийгилик!
24.01.2016. 23:46
 aika_sv
Jakshy klip jakshy yr, ar daiym koldoibuz. Chygarmachylygyna iygilik!
25.01.2016. 09:15
 Нуркыз Курманбек кызы
наконец то жакшы клип Автандилден)))классно
25.01.2016. 10:02
 Aksy-13
Бул баладан озу дайым салмактуу ыр клип жаралат, аз анан саз болот анча мынчаларга окшоп эптеп эле санын кобойтуу эмес ар бир ыры журокко жагымдуу жана уккулуктуу кыскасы мага баары жагат озу да, клиби да, ыры да, кокулу да.
25.01.2016. 11:40
 Ilays
Супер! Негизи ырлары аябай жакшы. Дагы да ийгилик!
25.01.2016. 22:33
 asia_92
Идеясы абдан жакшы экен!!!Озу бул ырчы жакшы чыгармаларды аткарат.
26.01.2016. 00:15
 Jazim93
Аз жана саз ырларды ырдап ..оргиналдуу клип тартат...Дагы коп коп жаны чыгармаларды кутом....Ырларынын баары жагат...Кийинуу стилида озуно жарашат.
26.01.2016. 10:06
 Woman.
Сонун.
27.01.2016. 14:56
 Aksy-13
Автандилдин чукодон жасалган кийимин кутуп атсам ушул костюмдагы 4 эле чукобу???
27.01.2016. 17:31
 islamchik
Админ сураныч ушул ырдын Mp3син жуктоп коюнуздарчы сураныч)))
27.01.2016 17:47
admin_media
islamchik,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/119693/
27.01.2016. 20:09
 Bermet_Kasymova
Жок ай жакпайсыз)))). Тамаша. Клиби эле оригиналдуу. Ыры уйкуну келтирет, бирок уктаардын алдында да угууна мумкун эмес...
28.01.2016. 00:31
 Amantur.lark.ru
Ең сонун тартылыптыр
28.01.2016. 12:43
 kinaza
Оригиналдуу
28.01.2016. 12:55
 kinaza
Ар дайым берилүү менен угам ырларын, клиптери да жакшы деңгээлде тартылат. Кийинүү стили, чачы, манерасы баары жагат,ушул калыбынардан жазбай көпчүлүктүн сүймөнчүгү болуп жүрө бергиле. Ийгилик!
25.02.2016. 10:26
 musapyr
ЭК....ээээээ...... ырчы-пырчы быжырап. Бул ГРАСАВЧЕГди тааныбайт экенмин. Не бале ыр!
26.04.2016. 10:27
 beintehaa.
Орининальный клип болуптур
26.04.2016. 10:27
 beintehaa.
Оригинальный клип болуптур. ЖАКШЫ
25.05.2016. 13:42
 Alias
Салам. Мен бул жигиттин комуз менен жандуу ырдаганын угуп "эн жакшы" деген баа бердим. Жандуу сонун ырдайт экен. БАРАКЕЛДЕ. АЛГА АВТАНДИЛ.
20.08.2017. 16:02
 Alina.lina
Мага аябай жагат автандил байке ийгилик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: