Жоодарбешим "Балапан"
Жанр:Поп
00:03:31
37,6 Мб
Жүктөлгөн: 04-09-2015


Сөзү:Адахан Мадумаровдуку
Обону:Жоодарбешимдики

Балапан, ыйлабачы заманыңа,
Бүгүн да түшпөсө эт казаныңа.
Сен эмес, ата-энеңдин башы катты,
Боору жок бул турмуштун азабына.

Кайырма:
Ыйлаба, айланайын, жаш канатым,
Көптөгөн азап чеккен кыргыз атың.
Түшүнөм, айткан менен жеңил болбос,
Колуңда турбаган соң майлуу наның.

Күлбөсөң, көңүлүңдү көтөрбөсөң,
Кубанып өз үйүңдө төрөлбөсөң.
Кантип мен айта аламын кыргызсың деп,
Кыргыздын жеринде да көгөрбөсөң.

Кайырма:

Балапан, аман болуп, эр жеткенде,
Бактыңды таба албастан өз жергеңде.
Бабалар ушул күнгө калтырды деп,
Боз үйдө калбагайсың биз кеткенде.

Кайырма:
  • Currently 4.77/5
(30 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (67)

05.09.2015. 01:12
 Nurgul76
Адахан Мадумаров да акын болуп кеткенби???
06.09.2015 00:43
ASELENOK
Nurgul76,кызыктын баары эми башталды го , х ха ))
05.09.2015. 01:59
 joker007
Балапанга ийгилик
05.09.2015. 02:05
 akylbek.kg
555555
05.09.2015. 02:45
 coco_chichi07
жакшы тартылыптыр особенно кичинекей балакай азамат!!!
05.09.2015. 02:47
 nurgultoktogul
Атын чыкпаса жер ортто) Мадумаров ырды чыгарыпсын Султанга берсен бул ырды ошол жеткирип ырдамак. Кыргыз бийин эзип койду го
05.09.2015 12:42
May
nurgultoktogul,Туура айтасын Султан Садыралиев таланттуу жигит, бирок бул жолкусунда Султандын товары эмес, Жоодардын товары отумдуу болгон окшойт. Клипти коруп, бир жашынып алдым.Супер, Жоодар. Дайым, ушундай соонун унун менен мыкты ырларды жарата бер. Биз сени менен сыймыктанабыз.
05.09.2015 12:47
Geroy
May, Чыныгы турмушту чагылдырган ыр клип болуптур. Адахан Кимсанбаевич, кыйын киши. Ушунча ырчылардын арасынан, ырын ишенип, Жоодарга берген окшойт. Ал дагы ишеничин актап, элге жеткиликтуу ырдаптыр. Жоодарчик, азаматсын! Браво...
05.09.2015 15:17
Aipri
Geroy, Адахан агабыз, кучтуу журналист. Ырдын создору кучтуу жазылып, терен тушунгондор учун жаралыптыр. Жоодар да соонун уну менен аткарыптыр. Акыркы кездери коом да женил желпи ырларды уга берип чарчаса керек. Бул ырда терен катылган турмушту суроттогон ыр болуптур. Чыгармачылык эргуу каалайбыз.
05.09.2015. 03:52
 Kulpunai95
Ширин баланы қайдан таптынар?
Даниярдын клибинде да жакшы аткарган эле. Онорун оркундой берсин.
05.09.2015. 04:07
 dkanu
Обону анча эмес. Клипке соз жок.
05.09.2015. 04:15
 aikush
Бүткөн ишке сынчы көп!
05.09.2015. 09:23
 asha302
бул кичкинтай Арсендин Энекебайындагы бала турбайбы
05.09.2015. 09:45
 uulay
Ээ тубун тушкон тиричилик деп биз да балдарыбызды чон энесине таштаганбыз. Балдарымды ордуна коюп,аябай ыйладым. Жогоруда бироо жазыптыр,"Мадумаров акынбы?"деп. Ал кучтуу филолог,журналист-публицист. Болгону бийлик бузуп койгон. Кучтуу оратор,лектор.
05.09.2015. 11:06
 Gulnazz93
азыркы турмуштун койгойу да балдарын таштам Россияга жоногон.ошону жеткизейин деген го
05.09.2015. 12:18
 welldone
Jakwy sooun klip boluptur Iygilgk yr da maga aiabai jakty sozu obonu biri-birine top keliptirwelldone түзөттү 2015-09-05 12:18:57
05.09.2015. 13:42
 asia_92
Клипке соз жок !!!терен маанини тушундуруптурго...Азамат Жоодарбешим!!!
05.09.2015. 15:29
 jazgul80
Жоодарбешим сага ден соолук бакыт каалайбыз. Клип сонун ыр да обон да сонун чыккан. чындыкты чагылдырган. Чынында азыр баары ошентип тагаларынын агаларынын колун а таштап кетип жатышат. Балдарыбыз жакшы десе тууганыбызга ишенип жакшы журот деп журобузда. Балапанга да узуун омур ден соолук ийгилик.
05.09.2015. 16:33
 Decmond
Соонун болуптур!!!
05.09.2015. 17:55
 dastan_nookat
Кату кети го Жоодарбешим алга! алга! Ушул клипбиниз супер хит! Болушун каалайм!
05.09.2015. 17:57
 dastan_nookat
Клиптеги кичине балакай аябай талантуу экен !
05.09.2015. 18:16
 nargiz37
клип жакшы чыгыптыр бала аябай ширин талантуу экен
05.09.2015. 18:19
 Ilays
Ырга, клипке соз жок, жакшы ырдаптыр, бирок обонун жакшылап изденишсе болмок экен, Жоодар, Эрнист ийгилик.!
05.09.2015. 19:11
 kepka
Клип соонун бирок обону анчамес ал эми кичинекей канатик соонун ойногон супер
06.09.2015. 00:04
 leili1
Суппппер
06.09.2015. 17:38
 kgul
мойтойгон бала КТРДе алып баруучу го.
06.09.2015 19:28
aikol87
kgul,кайсы берууну алып барат.Жазып койгулачы.Сайтына кирип коройун.
06.09.2015. 19:25
 aikol87
Ар бир бала ата-энеси менен чогу бактылуу баласык сурсо экен.Клипти коруп жашыпта алдым.Жоодарбешимге,Эрнис Сыдыковго.Адахан Мадумаровго чоон раазылык.
06.09.2015. 20:41
 beben
Текст эн мыкты обону бир аз окшошпой калыптыр дааа
06.09.2015. 21:11
 88inara88
Жакшы ырдапсын,ийгилик.
07.09.2015. 00:03
 afonia8282
Клипке соз жок...бирок мындай корунуш коптон бери созулуп келе жатат..эми ойгонуштубу..!!!
07.09.2015. 06:39
 Elika
Ыйлагым келип кетти ырды укканда.
07.09.2015. 09:05
 deva
Ыйлатты го клип... Турмушуң менен түмүрөң кал! менин бир таанышым 3 жана 1,5 жаштагы балдарын таштап кеткен. Атасы болсо экинчи турмушу менен жашайт. Апам машина, көп акча алып келет дейт улуусу. Кайдан, байкуш келин кургак учук менен ооруп калыптыр жолдо келе жатат. Не деген сыноо ээ
07.09.2015. 10:12
 elvira1980
Адахан Кимсанбаевич нак кыргыздын мырзасы кыйын адам.Президентикке ушундай адамдар керек озу.Азаматсыз ар жактан таланттуу адам экенсиз суйлогондо создорунуз так журокко барып тиет.Жоодарбешим азамат клип эн сонун.Чыгармачылыгына ийгилик ар дайым биз сен менен сыймыктанабыз Супер!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: