Жоодарбешим "Ата-энеме кат"
Жанр:Эстрада
00:03:55
48,44 Мб
Жүктөлгөн: 12-08-2014


Сөзү:М. Атаналиевдики
Обону:М. Атаналиевдики

Кадимки айыл чети, үйлөтүп отту күйгүзүп,
Билбести билгиздиңер, үйрөтүп атты мингизип.
"Кылганың биз үчүн болсо, үйрөнгүн өзүң үчүн" деп,
Атакем, алтын апакем, мээримиң чачып сүйдүрүп.

Кайырма:
Кандайсың, ата-апа, аманбы?
Сагынып айтам саламды.
Кучагың жайып тосуп ал,
Сагынып күткөн, сапарда жүргөн,
Алыста жүргөн балаңды.

Кадимки айыл чети, күн чыкпай күндө турасың,
"Балдарга бак берсин" деп Кудайдан миң жолу суранып,
Ата бир болуп калсам да, "уулум" деп баштан сылайсың,
Атакем, алтын апакем, тилегиң берсин Кудайым.

Кайырма:
  • Currently 4.90/5
(10 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (44)

12.08.2014. 17:11
 gooool
Негизи ыр сонун!...кайра кайра 5-6 сыйра уктум окшойт,ырдашын жаман эмес, ийгилик,сонун,сонун!!!
12.08.2014. 17:16
 suyom_seni
бул жакшы коргон ырым менин...
12.08.2014. 17:22
 gooool
Админ MP3 жуктоп койгулачы сураныч!!!
12.08.2014 17:31
admin_superstan
gooool, жүктөлгөн:
http://www.super.kg/media/audio/113819/
12.08.2014 17:31
dastan_nookat
gooool, мр3 форматы бар сайта тандоо деген жерде жодарбешим деген ысымды басан чыгат ошонун арасында бар?
12.08.2014. 18:13
 elkat
men dagy kayra kayra ugup jyrgap atam.ata eneme tel chalyp suyloshup koydum.Kyzyn dagy katuu sagynyptyr ata enem) ushu yrchynyn unun ukkandan kiyin bashka yrchylardyn unu ancha jakpay kaldy
12.08.2014 18:30
gooool
elkat,иии байкуш десе...эн туура кылдын чалып ата энене,мен да жумуштан чыгып чалайын.
12.08.2014 18:49
elkat
gooool, гоооооол) атыныз сонун го)))
12.08.2014 23:32
gooool
elkat, озум да сонун жигитмин....
12.08.2014. 19:02
 AiNuR_777
Жоодарбешимге ийгилик баардык ырлары жагат. Бул ырдыда келиштирип сонун ырдаптыр.
12.08.2014. 19:14
 elvira1980
Азаматсын Жоодарбешим аябай сонун ырдапсын клип дагы сонун!10+ Чыгармачылыгына ийгилик дагы дагы да жакшы ырларды кутобуз!Кыргыз эли сен менен сыймыктанат!Алга!
12.08.2014. 19:18
 wustraya
Азамат сонун ырдаптыр.Бийлегенида озуно сонун жарашаткен.
12.08.2014. 19:52
 Alai.kyzy
Ыр аябай сонун!!! Бирок клип начар. Азыр жай, жайлоого барып боз уйдо ата эне м.н клип тартса болмок. Баласы шаардан келип, ата энеси тосуп алып ж.б. Жок дегенде ушул сыяктуу кылып тартса болмок. Тоодо каражат аз кетет гоо. Жана алыстагы мигранттар клипти коруп ата энесин коргондой болуп жана жайлоодо болгондой болуп эс алып алышмак. И так деле "одноразовый" клиптер тажатты.. Ыр сонун, ырчынын уну да сонун, бирок Жоодар, клипти озгочо тарсан болмок...
12.08.2014. 20:06
 bekbolot1964
Клип жакшы ыр дагы жакшы.Айылга барып тоону сууну тарткан клиптер толуп кетти.Бул клипте ызы чуусу жок шаарда баланын ата энесин сагынып отурган убагы эле тартылыптыр.Ырды мыкты кылып коюпсун.Азаматсын.дагы жаны ырларды кутобуз
13.08.2014 00:55
Alai.kyzy
bekbolot1964, ызы чуусу жок шаарда эмес эле, студияда болуп турат гоо?!
12.08.2014. 20:53
 Floweryface
Ата-энелерибизди эске салган соонун клип болуптур, алыста жүргөндөр телефон чалууну унутпайлы бат баттан. Азаматсын Жоодарбешим, үнүңө береке!
12.08.2014. 21:28
 zhookaev
Мухтар байкеге чон ырахмат айталы ушунчалык маанилуу уккулуктуу олбогон ыр жазганына.А бул бала жеткиликтуу ырдаптыр жаны чыгып аткан го.
12.08.2014 21:48
bekbolot1964
zhookaev, Жоодарбешимди тааныбайсын го))) Бул сайтка жаны кирип жаткансыз го.Бул ырчынын ар бир ырын жатка билебиз го
13.08.2014 07:40
zhookaev
bekbolot1964,Азыркы ырчыларга коп деле ичим чыга бербейт ошондуктан аларга кирип деле корбойм сиз сыяктуу тандабай уккандар таанышы мумкун жаштарды
27.08.2014 00:09
Aksy-13
zhookaev, Жоодарбешимдин ар бир ыры популярдуулугун жоготпойт сиз балким билбетирсиз, ырларын ууп корсонуз уккан чыгарсыз аткаруучуну тааныбасанызда...
12.08.2014. 21:57
 Desmond
ОООО красавчик досум!!! Алыста журуп уксан козун жашылданып кетет экен. )))
Кече эле сабактан качып жургон балдар элек, эми карачы убакыттын отушу менен ))
кыздар эмес келиндер да суктанчууу жигит болдун ))))) Молодец ар дайым ушундай жакшы ырларды чыгара бер!!!
12.08.2014. 23:49
 Kasietim
Eeeeeeh...sonun yr,alysta jurgondo sagynychty sargaityp,oidu tuilatkan bul yrdyn keremeti chynyda zor!!!
13.08.2014. 00:14
 moviemaker4
ehh sonun yrdapty jaktygo chirkin,birok klip takyr jakkan jok jon ele kara fondo butup kalyptyr bul yrdy uksan aiyldy estep aiyl koz aldyna keletgo klip buzup salyptyr
Модератор admin_superstan түзөттү 13.08.2014 10:21
13.08.2014. 01:42
 fastr
ырды жайына койчу не уулууйсун?
13.08.2014 02:14
bekbolot1964
fastr, ырды ушинтип ырдайт.музыканы тушунбойсун го:-)
13.08.2014. 02:50
 joodar.kg
Азаматсын Жоодарбешим,чыгырмачылык ийгилик сага дагы дагы ,коп коп ушундай маанилуу ырларын менен таанылып журо бер.Биздин алтындай болгон Ата-Энелерибиз ар дайым аман болсун!
13.08.2014. 08:46
 jasi
Ырды жакшы аткарыптыр. Атаналиевдин ырын жаны форматта жакшы чыгыптыр. Клибин да мындай кылбай жаныча тартып койсо болмок. Жогорудагылар айткандай жайлоого барып ата-энесине дегендей. Ушу 1-2 фондо туруп алып клип тартканынарды койбодунар да
13.08.2014. 10:22
 meerim8793
Мммм... үнүн бийигирээк кылып,музыкасын пасырак кылбаптырда,ырдаганын музыка жабып кетиптир,ошого ыр уккулуктуу болбой калган.

Анан бул бала өзү ошондойбу же..? Качан көрсөм эле кабагынан кар жаап жаткан болотго.Модератор admin_superstan түзөттү 13.08.2014 10:58
13.08.2014 10:58
admin_superstan
meerim8793, жаргон сөздөрдү колдонуудан алыс болуңуз!
13.08.2014. 12:40
 meninmekenim
Bul yr menen ayabay oorup.kaldym.bul jyldyn super yry bolso da azdyk kylat.Ushunchalyk ata enem sagyndym
13.08.2014. 17:31
 Elnuram090
Сонун ырдаптыр ОЗУ бул бала таланттуу бала уну жагымдуу мага жагат ийгилик сага
13.08.2014. 23:43
 barky312
Азаматсын Жоодарбешим. Баары сонун болгон!
14.08.2014. 10:55
 Jeki
Менимче мындай ырчылар жана ырлар толуп жатат. нурлан Насипти да туурайт бул. Озунчо стили бар болсо онукмок. Бул деле коптун бир. Лампочкалар кыскасы :)
14.08.2014. 10:56
 Jeki
Клипти да 1 студияда отуруп эле тартып коюшкан. Каана ата-апа? Халтура клип. Продюсер куда смотрит? Бул бала эрте эле жылдыз оорусу менен ооруп калган. Ошого кетипк айра келди продюсерине. дагы бирди коргозуп анан кетет шоудан биротоло. Мени айтты дей бергиле :)))) Булардын кылаары ошо...
14.08.2014. 12:40
 aygerimka
Ыры жакшы. Мага да жагат. Бирок мен башкача клип куткон элем. Ырына туура келген, ата энесин тартса соонун болмок.
15.08.2014. 14:38
 Zair_Alimov
Komu kak.. No mne ponravilsya, Joodarbewim udachi tebe bratok. Tak derjat'!
27.08.2014. 00:12
 Aksy-13
сон жактагы экинчи катардагы кыз супер сулууга катышкан кыз эмеспи ким тааныды?
23.09.2014 17:07
Guli.K.E.
Aksy-13, ооба ошол кыз!)
02.10.2014. 22:41
 elvira1980
АЗАМАТСЫН Жоодарбешим сени менен сыймыктанабыз силердин ырларын журоко жетет ырлар маанилуу унунор уккулукту бар болгула кыргыз элине кызмат кыла бергиле кутобуз жаны чыгармаларды.
25.10.2014. 03:32
 meerim94
эн сонун 5 5 5 5 5 деген баага ээээээээээ! ата эненин туруусундо сыйлап урматтайлы достор
06.12.2014. 22:36
 nuris208
Укмуш соз жок
23.08.2015. 19:30
 dastan_nookat
Жакшы башка соз жок
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: