Автандил "Жагамбы?"
Жанр:Поп
00:03:38
50,25 Мб
Жүктөлгөн: 22-01-2016


Жылмайып күлсөң жарашкан,
Жан биргем, мени карасаң.
Жагамбы сага, жагамбы,
Жактырып койчу жанашсам.

Көңүлүм бурдуң көйкөлүп,
Көздөрүм сени саматкан,
Көңүлдү тартып өзүңө,
Көйгөйүм болбо, садагам.

Кайырма:
Арбалдым сага,
Сага деген сезимим таза,
Азапка салба,
Эки жүрөк табышса гана.

Башкалар мендей барктабайт,
Баркыңды билбейт, баалабайт.
Бактылуу кылар мен болом,
Байыр алып мага жандасаң.
Алдабайм сени, алдабайм,
Ак сүйүүм арнайм, каражан,
Апакай сүйүү, таптаза,
Ак сүйүүң мага арнасаң.

Кайырма:
Жарыгым, арбалдым сага,
Сага деген сезимим таза.
Азапка салба,
Эки жүрөк табышса гана.
  • Currently 4.89/5
(18 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (35)

22.01.2016. 18:02
 Atyn-kim-chyragym
Идеа жакшы жакты Автандил ийгилик
22.01.2016. 18:06
 Nigimdi.jogotup.aldym
Арбалдым сага,
Сага деген сезимим таза,
Азапка салба,
Эки жүрөк табышса гана
Азамат озгочо клип жарайсын
22.01.2016. 19:30
 Albina.000
ырда, клипда соонун болуптур
22.01.2016. 20:46
 medetbek.isanov
Азаматсын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: