Автандил "Кара жаным"
Жанр:Поп
00:03:53
53,61 Мб
Жүктөлгөн: 06-07-2015


Сөзү:Жаңылай Кекееваныкы
Обону:Автандилдики

Ашыгым, айтар сөзүм сага деген,
Ажарыңды айга теңеп келемин мен.
Жүрөгүмдү, жан дүйнөмдү сага арнасам,
Ак сүйүүмө ишенбейсиң эмнеге сен?

Кайырма:
Кара жаным, кара жаным,
Кайдигер мени карабагын.
Кайда барсаң, кайда жүрсөң,
Карааныңа зарыгамын.
Кара жаным, кара жаным,
Кайда барсаң жаныңдамын,
Капысынан алыстасаң,
Кайкып учуп мен барамын.

Башкага ыраа көрбөйм сени, жаным,
Канчалардан өзүң мага буйругансың.
Айтып бүтпөс махабатым сага арнасам,
Аппак сүйүүм сендик гана, арзыганым.

Кайырма:
Кара жаным, кара жаным,
Кайдигер мени карабагын.
Кайда барсаң, кайда жүрсөң,
Карааныңа зарыгамын.
Кара жаным, кара жаным,
Кайда барсаң жаныңдамын,
Капысынан алыстасаң,
Кайкып учуп мен барамын.
  • Currently 4.62/5
(29 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (40)

07.07.2015. 11:33
 Amantur.
Клип жакшы тартылыптыр,сапаты жогору жана сюжет бар.

Бирокчу бирок,Автандин көпүрөнүн үстүнө чыгып алып "эми кантип түшө-өм?" деп коркуп аткандай болуп оозу араң кыймылдаганы анча окшошпой калыптыр.Эки жагын карап элеңдейт го көпүрөнүн үстүндө)))) Жерде ырдаганда оозу жакшы эле кыймылдап ырдап атканы көрунүп турат.Неси болсо да клип мага жакты,сонун жерлерде тартылыптыр.
07.07.2015. 14:10
 sman
Бул жигиттин чыгармага болгон коз карашын байкадым ото кыйын жигит екенсин ушунунан жазба
07.07.2015. 22:25
 kinaza
kyskasy emnesin aitaiyn, men jalan gana Aftandildin chygarmachylygyna koz salyp jurom, antkeni maga ayabai jagat. Bul klip da ozgocho boluptur, kaidan gana ouyna keldi eken ушул копуродон клип тартуу. Мына озубуздун кыргыз жергебизде деле бар сонун жерлер. Азамат, дагы коптогон озгочолуу клиптерди тарта бер. Биз сен мененбиз!
05.10.2018 13:42
saza20
kinaza, молодец
08.07.2015. 12:13
 nookat.kashkaldak
жакты мага клип
08.07.2015. 16:41
 NASIKA96
Өтө жакты жакшы клип.
08.07.2015. 18:14
 Kunbeken
Кыргызымдын жаратылышы клиптин коркуно корк кошуптур сонун . . .
08.07.2015. 21:52
 nuke1988
Ушул мосто тартылган Нурлан насиптин клиби чыгат жакында
30.07.2015 22:06
jypar.i
nuke1988,мост дебей эле көпүрө десең
09.07.2015. 14:32
 admin_media
jylywka, - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
09.07.2015. 15:12
 admin_media
jylywka,
Саламатсызбы! Сизге купуя кат менен жооп берилди.
09.07.2015. 18:52
 jazi2924
Жакшы клип болуптур азаматсын алга !!!!
09.07.2015. 18:53
 Mamadiyar
Аягынын жакшынакай кылып бутурбоптурда.Анча жаккан жок.
12.07.2015. 07:22
 Rasul_Rahmanaliev
прогресс!!Автан дерзай доске!!
12.07.2015. 13:24
 sman
Молодец Нурлан, Автандилден коруп сразу тартыпсында еконтен мыкты жигитсинер ийгилик силерге.
13.07.2015. 14:06
 shayl2106
албетте бул менин шаарым Таш-Комур
15.07.2015. 13:13
 AFRODITA-89
бул жигит негизи сонун клиптерди, ырларды жаратып атат озгочо сонун ырлар ананда ыбырсытып эптеп эле санын кобойтпой аз анан саз ырдаганы жагат зато майын чыгарып иштейт, маанилуу саныны аз сапаты жогору болот! Молодец Афтандил сенин талантынды баалап ырларынды суйуп угап, "Издеп журом"" деген клипинди да олло жакшы кором, "Ишенчи" деген менен болсо кыйла ооруп жургом
17.07.2015. 19:39
 beben
Ырларын угам жакшы клипда жакшы чындыгында эле качан тушуп кетет экенмин деп ырдаганго
30.07.2015. 21:43
 mersedes2013
Менин жакшы коргон ырчым,аябай баалайм.Клип табышмактуу сонун тартылыптыр,ырга соз жок ,эн сонун.Азаматсын!Ийгилик!
18.08.2015. 23:14
 CHINKA
кантип чыкты екен а суунун ортосуна
10.09.2015. 18:36
 Aikyn93
илгерки окуя кылып тартыптырсын тартканга жараша норма тартта жанагы москвичтин мандайкы айнегиндеги HONDA нын наклейкасын алып койсон болмок илгери каяктагы HONDA уят !!!
28.09.2015. 11:38
 aiposha
азаматсыз ийгилик!
02.10.2015. 11:50
 nurzada78
+5 жакшы!
02.10.2015. 23:26
 sman
Абдан жакшы болуптур, ийгилик
05.10.2015. 14:09
 Guljamal_2116
Жакшы.
07.10.2015. 14:10
 aiposha
менин суйуктуу ырчым
07.10.2015. 15:50
 admin_media
sniperkg,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
16.10.2015. 01:39
 azik.kdm
уккудай эле
24.10.2015. 13:03
 eldar96.
Азыркы жаш ырчылардын арасында, талыкпай эмгек кылып, санга эмес, 100 % сапатга конул бурган ырчылардын сап башында ушул ырчы турат деп айта алам. Дайыма кызыктуу кылып, ыры менен клиби бири бирин сонун кылып толуктап турат.
06.11.2015. 15:22
 ABU
Yr jakwy eken klip dele jakwy ozgocho birok yr menen bailanywy jok eken.
20.11.2015. 00:31
 dav312
Бул бала ырчы болбой эле башка жол мн журсо деген сунуш айтар элем ырдын мааниси жок клип ото эле сапатсыз тартылган андагы каарман кыздын энеси кыска койнок кийип бийик такалуу бут кийим кийип алыптыр бул клип азыркы учурбу десем илгерки учурду тарткан экен качан кордунор эле бийик така кийип кыска койнок кийгендерди
05.10.2018 13:44
saza20
dav312, кечирип койгула именно илгери кыска кийишчу. СССР деген мезгилди билесинби
22.11.2015. 20:34
 azim2
Абдан жакшы клип болуптур
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: