Аяна Касымова "Чагылган"
Жанр:Поп
00:03:46
57,16 Мб
Жүктөлгөн: 15-11-2016


Сөзү:К.Алмазбековдуку
Обону:А.Атабаевдики

Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым?
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
  • Currently 3.57/5
(7 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (58)

15.11.2016. 16:48
 manas_skf
Бир түрмөнүн ичинде дейби?
15.11.2016. 17:01
 joomart
Эээй создоруно тушунуу кыйынго
15.11.2016. 17:21
 oska91
Кыйналып ырдагандан коро ырдабаааай эле коооой.
15.11.2016. 18:30
 solnse
актер баланын келечеги кен экен, жакшы ойноптур
15.11.2016. 18:44
 anuvar0903
Ыры жакшыы клиби жаккан жок
15.11.2016. 19:21
 Begimay.emir1
Жакшы ырдаган.Бирок....
15.11.2016. 19:49
 Antoshka2016
Баш катасын бир турмонун ичине)))
15.11.2016. 20:06
 miki11
Каяктагы турмону айтып жатат бул кыз??? Турмо менен курмонун айырмасын билбегенден кийин. Ырдын маанисин да вообще башка жака озгортуп.
15.11.2016. 21:19
 temirov76
Урматтуу админ Делянын ак тилек деген ырынын аудиосун жүктөп коюңуздарчы сураныч.
15.11.2016. 22:22
 Targarien
Күрмө - куртка Түрмө - тюрьма Аяна сөздөргө маани бер берекем
16.11.2016. 00:04
 rusi0005
Ысындатып эле койсо болду, жакшы ырдаптыр клипке соз жок сана ийгилик
16.11.2016. 01:10
 NarutoUzum
Турмо дептир ачык эле..городская болуп чонойсон ушул да,тушунбой эле жаттаганын урдуруп кое берет..Айыма Айылчыева ырдаганда сонун чыкмак,мурду менен ырдабайт болчу..
16.11.2016. 01:25
 azia9393
Супер!!!
16.11.2016. 09:55
 Kurmanbek_9009
Эл адамы болуу эң кыйын. Өзгөчө өнөр адамдарынын ар бир кыймылы, сүйлөгөн сөзү талкууга алынышы турган кеп. Соңку мезгилде сөздүн атасы өлдү. Президент баш болуп оозубузга эмне келсе анын төркүнүн түшүнбөй урдура бере турган деңгээлге түшүп калдык. Кантели балык башынан сасып жатса, шаарда орус тилинде окуп өскөн Аянага да баарибир да. Күрмөбү же түрмөбү текстке кунт койбой созуп салды да. Макул Аянадан ката кетиптир. Жанагы радиодогу текст караган редакторлор айтып койсо болмок экен.
16.11.2016 11:30
Kakaly
Kurmanbek_9009, ошолор айтып чыгышып, анан элдин баары турмо деп ырдаптыр деп жатышат
16.11.2016. 12:12
 LadyB
мага да уну да озу да жакпайт, берки кыз барго Айыма Айылчиева вот она такая добрая и милаяМодератор admin_media түзөттү 2016-11-16 12:29:38
16.11.2016 12:33
admin_media
LadyB,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
16.11.2016. 13:25
 Mystery
ушунча кооз терен ырдын, ырдагы кучтуу суйуунун маанисин клиби такыр ачып бералбаптыр. Клиби азыркы лялямаля суйуу ырлардын клибине окшошуп калыптыр. Аяна бул ырды ырдаш озунчоле сыймык да, а сен турмо дейсин огобетер бузуп
16.11.2016. 15:13
 dina_nina
Мага Айыманын ырдаганы жагат буга каоаганда.
16.11.2016. 16:31
 my_Opinion
Голосу мыкты азаматсын Аяна,ырга берилип жан дуйносу менен жеткире ырдаган.бирок клипке келсек начар!бул ырды Сыдыков или Синема артка тарттырсан жакшы болмоок.ыр жалко шашпастан бир аз клипке жакшыраак маани берип койсон болмок.катачылык ар бир адамда болуп турат,али сен жашсын,дальше клиптеринин каталарын ондойсун деген умуттомун) а так песня супер...
16.11.2016. 21:01
 obon
Бул ырды Саламат Садыковадан башкасы жеткире ырдай албайт ' же бул кыз создоруно маани бербейт уят эле
16.11.2016. 21:40
 Sultanim
Mага абдан жакты! !!клиби да уну да.ийгилик!!!
16.11.2016. 23:02
 tusso
Жакпады
17.11.2016. 00:30
 zarinazari91
Турмо дейтго бул просто ... макияжы да жарашбаганго
17.11.2016. 01:47
 roksalana
Кызык биякта жалан Аянанын сынчылары чогулуп алганго
17.11.2016. 01:49
 roksalana
Аяна ты молочина!Только в перед!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: