Аяна Касымова "Адамзат"
Жанр:Поп
00:03:45
54,96 Мб
Жүктөлгөн: 26-10-2015


Сөзү:Аалы Токомбаевдики
Обону:Таалай Бейшеевдики

Ааламды жеке билсе да,
Алтындан үйгө кирсе да,
Асманда жылдыз аралап,
Бакытка тойбойт адамзат.

Сагынтып дайым турса да,
Кусалык бакыт сунcа да.
Жылуулук сезим аралап,
Сүйүүгө тойбойт адамзат.

Кылымды кыйла көрсө да,
Кызыкты өзү бөлсө да.
Кырчындай жаштан айрылып,
Өмүргө тойбойт адамзат.

Жанында өмүр турса да,
Жалдантып кылыч сунса да.
Ирмелбей көзү тунса да.
Үмүткө тойбойт адамазат,
Бакытка тойбойт адамзат,
Өмүргө тойбойт адамзат.
  • Currently 3.57/5
(21 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (36)

26.10.2015. 11:08
 eldar96.
Ыр орто денгеелде десем болот. Бирок бардыгын клип жабып кеткен, клип жакты бирок.

Нол Сайкалдын экс жигитин 90 % клиптен коруп калдыкго атан гооруу, бирок азамат образды ото сонун ачып берет экен. Бул балага режиссерлордун козу неге тушпой жатат экен, кызык.
26.10.2015 11:33
Daiza
eldar96.,
Киного тартылган окшойт го. Бул клип "Көпөлөк" тасмасынын саундтреги деп коюптур.
Мага да ыр анча жаккан жок, мурдагы ырларына алыштырмалуу...
26.10.2015 12:10
eldar96.
Daiza,
Зеериккенимден алдыга 15 секунд жылдырып коруп баштадым эле, корсо тасмадан алынган турбайбы.)))

Кинону соссуз корбосок болбойт окшойт, жакшы кино экени трейлеринен эле корунуп турат.
26.10.2015. 11:41
 nazi8889
эч нерсесин түшүнбөдүм клиптин
26.10.2015. 12:09
 Ainagula
Ыр ото деле жакшы эмес экен. Аяна эми сен жаны ырларды ырдашын керек.
27.02.2016 00:33
STAN_KG
Аяна жаңы ырбы же эски ырларды ырдасаң да, кыргыздын колорити чагылдырылган, кыргыздын этно музыкасына басым жасашың керек окшойт, ансыз кыргыз элине толук жага берсейсиң, аны ырдап чыксаң да дагы бирөөсү бирдеме деши мүмкүн, бирок улуттук кийим менен жана кызгыздын тембирине, ыргагына басым жасап чыксаң көпчүлүк сыйлайт, мүмкүн эл абдан жакшы кабыл алаар.
26.10.2015. 12:33
 zakukya
Бул кино кызыктуудай корунот, ал эми ыр орто аракет жасай берсе дагы да жакшы болот.
26.10.2015. 13:28
 Chynyshka
ырдын мааниси ото маныздуу экен, бирок башка бироо башка обон менен ырдаса жакшы чыкчудай.
26.10.2015. 15:24
 baby
ырдаган да ошол укмуш чыккан.ушу жаштар ырды артык кылам деп эле тыртык кылып алышат.бир Тунук деген бала ырдаган болуш керек. Аябай уккулуктуу ырдаган.
26.10.2015. 15:27
 baby
http://www.super.kg/media/uservideo/143773/. Мына бул шилтеме мн корсонор болот..... Нукура кыргызча стилде.. а муну болсо заманбап ырдайм дегенби,Аяна
26.10.2015. 15:30
 bektur12
Jakwy yrdagan bew. Kliptegi kaarmandarda tuura
tandalgan
26.10.2015. 17:14
 dastan_nookat
Mp3 ото суранам!!
28.10.2015 10:46
Enter1
26.10.2015. 22:13
 B.B.Sadykov
Yr dagy klip dagy soonun eken. A9na obrazga kirem dep buzup alyptyr klipti. A tak baary soonun. Azamatsyn.
26.10.2015. 23:55
 talantbektegin
Жогоруда анча жактырбаган адамдар ырдын маанисин тушунбой калган ондуусунор,анан да музыкасы да класикага жакын а класиканы ар ким эле угуп тушуно бербейт.мага жакты жакшы иштелип чыккан чыгарма болуптур
26.10.2015. 23:58
 medina.
kinosun nkachan korot ekenbiz
27.10.2015. 01:41
 tavsan
sonun kino okshoit, kachan korot bolduk ekenbiz?
27.10.2015. 03:06
 ayman9309
Аяна "аманат" деген ырын качан чыгат?
Чыдамсыздык менен кутуп жатам.
27.10.2015 18:01
admin_media
ayman9309,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү жүктөп коюуга аракет кылабыз, рахмат!
27.10.2015. 03:42
 Daldachka
Эми ар ким ар ойун айтат да жакпаса жакпады дер .мага лично жаккан жок ыр бул Менин жеке оюм
27.10.2015. 17:27
 sabyr86
Тиги эксти көрсөм диним келет да.ыр сонун.
27.10.2015. 18:00
 Aitgul91
жакшы
27.10.2015. 23:35
 Nur9397
толук эмеско
28.10.2015 11:43
http
Nur9397, кино экен да ошого толук эмес)))
Кызыгып калдым киносуууна
28.10.2015. 10:23
 aikol87
Киносун коруш керек экен.
28.10.2015. 16:28
 Zai0888
Кинону коргум келип кетти, Аяна бийигирээк алчы үнүңдү тажатпай чыйылдап. Сайкалдын эксжигити эми актер болуп кеткенгоо
29.10.2015. 01:42
 joker007
Сайкалдын экс жигити молодец эркек экен жер карап уйундо отуруп калбай актер болгонго да жетишиптир а так ролдорду сындырып ойнойт,ал эми Аяна ырдаганча качан бутот экен деп эле кутуп турам ал эмес мен кыйналып кетем, орто эле ыр болуптур...
29.10.2015. 04:53
 rnurzida
Чынында ыр абдан маанилүү экен. Тунук Абдразаков аябай жеткиликтүү ырдаптыр Аянага караганда. Үнү да укмуш экен ал жигиттин. Анын аткаруусундагы вариантын кайра-кайра уккуң келет. Аянанын бул ырды ырдаганына мен кыйналып кеттим бул жакта. Ырды заманбап стилде ырдайм деп, ырды да, өздөрүн да кыйнап алышат азыркылар.
29.10.2015. 09:44
 Moorjanka
Аяна берилип ырдайм дединби мимика жесттерин аябай бузуп салыптыр антип оозунду чоюп ото калтырабай эле койчу сураныч
29.10.2015. 13:58
 aylapa
Ырдын мааниси жакшы экен.Ырчынын 32 тиши көрүнүптүр
29.10.2015. 16:16
 messi_1987
Аяна клип жонундо толук малымат берип отсон жакшы болот эч ким сенин клипбине тушунгон жок! бир эле ыр м.н элге танылып алып эле башка ырларды дагы ыр деп эле ырдай берген болбойт да!
01.11.2015. 14:49
 adina_love
Урматту админ Аяна Касымованын Аманат деген ыры качан жуктолот
01.11.2015. 23:19
 hello.kg
Салам достор.клиптеги жигит сайкалдын жигити беле ээ.билгендер болсо кенири жазып койгулачы.сураныч
07.11.2015. 01:06
 asas1212
Ырды жакшы ырдаган Аяна , Тунук деген жигиттин ырдаганына салыштырмалуу.Аянанын уну тунук жана вокалдык жагынан мыкты.
09.11.2015. 02:21
 shiku
Мага аябай жакты. Азаматсын! А оригиналы дегендерди уктум алардын таасири жок экен. Мен ушул клипти эмес ырын укканда ыйлагым келип кетти)) образга кирип жакшы ырдаптыр
22.12.2016. 02:35
 raykray
Мага аябай жакты ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: