Фархат Кеңешбек уулу "Кайдагы сүйүү?"
Жанр:Поп
00:03:47
59,06 Мб
Жүктөлгөн: 05-08-2010


Сөзү:Р.Нарынбековдуку
Обону:Р.Нарынбековдуку

Байкоосуздан жолуктуң, сүйгөнүм, мага,
Баштагыдай күлкүң жок, не болду сага?
Убадаңа бек туруп калбадың беле?
“Бактылуу болобуз” деген сөздөрүң кайда?

Кайырма:
Жаным, кайдагы сүйүү?
Жаным, кайдагы күлкү?
Соолуду го сага арналган сүйүүнүн гүлү,
Эми кайрылбайт күлкү,
Эми кайрылбайт сүйүү.
Соолуду го мага арналган сезимдин гүлү.

Кантип эми таба алам дартыма даба?
Бүт дүйнөмдү курчап алды муздаган аба.
Эгер болсо канатым баарын унутуп,
Алып учуп кетмекмин алыс жактарга.



  • Currently 4.13/5
(8 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (78)

18.08.2010. 21:40
 Бактыгүл Сокушова
Клип билбейм бирок ыр аябай жакты. Сөз жок сонун ыр. Ийгилик сизге Фархат!!!
19.08.2010. 00:47
 nejenka
Klip sapattuu dagi,mazmunu da bar.
Jashoodogu realduu korunushtor chagildirilgan.Anda alga Farxat
19.08.2010. 09:31
 rai
Кызыктуу клип экен. Мага журоктун формасындагы ташты кантип тапканы кызык болуп жатат? Жакшы моменттер кармалган экен. Толкунда жетелешип чуркаган жери озгочо жакты.
19.08.2010. 12:46
 elina
Эх чиркин жашоо..............
19.08.2010. 13:00
 ilyaz
Бирок чындыкты айтып отуптур!!! RESPECT Фархат
21.08.2010. 17:00
 Zoro
Жакшы тартылыптыр,оператор режиссерлор молодцы.Ыр менен аткарылышы орто.Аран эле ырдагандай сезилет эмоция ноль...
22.08.2010. 14:53
 TAKE
жакшы жакты
22.08.2010. 19:35
 ayantabi
Tantik
23.08.2010. 12:12
 ABU
Жакшы.
байкап косом кобунчо клиптер европалашып кетиптирго?
24.08.2010. 15:59
 gulia
жакшы ыр экен клиби дагы,бирок чындыгында кыздардын башка улуттагы эркектер менен кетип калганы коп кездешип жатпайбы,ал эми адамдын озунон болот да сиздер кыздардын баардыгы дебениздер 5кол тен эмес
24.08.2010. 20:45
 maratbek
gulia Demon Кыргыздын кыздары башка улуттагылар менен кеткени чын!баары болбосо дагы ,көпчүлүгү сыртта жүргөндөр
26.08.2010. 18:49
 samat
клип жакшы тартылган и тасирдуу....
01.09.2010. 09:39
 azulya
Баягы эле дежурный сюжеттер. Кызы чон киши менен кетип калат анан тигиси ыйлайт. Кызыктуу эч нерсе жок.
02.09.2010. 11:13
 Dilnura
жакты. эн сонун клиптеги кыз дагы аябай туура тандалыптыр, жакшы ойногон естественно .
02.09.2010. 17:01
 mulatka
без слов супер
03.09.2010. 15:10
 aijanasan
Клипи жакшы,ыры жакшы бирок эмнеси жаман?
03.09.2010. 16:16
 Mile
Качественный клиптерге кошсо болот.
03.09.2010. 17:30
 Bad boy
fffuuuu....
03.09.2010. 18:59
 JDK
Азыркы кыздар силердин бетинер жок! акчага тез эле сатылып кете бересинер!!! акча учун кыздыгын саткан акмак кыз экен!!! кочодо корсом башка чаппакмын акмакты!!!! таджики будьте осторожны в нашей стране!!!
04.09.2010. 13:45
 Ceed
Ар бир окуяга озунчо баа берели. Кыздар жаман, балдар жаман, дегенибиз болбойт, бул клипте кыз туура эмес, бирок бул клип го болгону. Ажыраган бактысыз суйуулордун ар биринде озунчо себеп болот, биринде кыз, кээ биринде бала, а кобунчосу тагдыр куноолуу болот!
04.09.2010. 13:46
 Ceed
Кандай болгондо да бактылуу бололу баарыбыз!
07.09.2010. 13:19
 guldeva
масквада ушундай нерселерге коп кезигишет биздин кыздар бирок акча жаман акча болсо балдар деле сатылышат кыргызым жоголуп бара жатабыз кармансак сага ийгилик дагы ушундай килиптерди чыгарсаныздар жакшы болот эле палитка жактан кошуп койсо кыргызстан оноло беле деген
07.09.2010. 14:07
 Terner
маансиси жакшы...бирок кеп башка улутта эмес...кеп кыздын озунун журогундогу негизги ою... акчабы...же чыныгы эле сезимби...
07.09.2010. 16:59
 elnaz
мага жакты супер
09.09.2010. 11:53
 kazaidajanka
ыр супер клип начар
09.09.2010. 16:30
 zeinep
Клип супер! Фархат азамматсын.ишине ийгилик каалайм мындай окуя эч кимдин башынан өтпөсүн.Орозо айтын менен!
09.09.2010. 19:32
 Konok
Клип "катта-катта,зор,дангаль"(кыргызчасы эн мыкты,ойдогудай,укмуш дегенди тушундурот) болуптур кыросавчик!!!Мага башы анан спец эффекттери жакты клиптин сценарии,тартылышы,монтажы ж.б.у.с.абдан мыкты болуптур ким тартса дагы баракелде.Кыргызтандагы мыкты,кымбат клиптерд
10.09.2010. 21:40
 Estekeeff
фархат азаматсын клип да ырда жакшы болгон сага ийгилик!
12.09.2010. 18:57
 elnaz
эх ысыкколду сагындым, фархат ишине ийгилик каалайм, барынар бактылуу болгула.КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН БАРЫНА ЫСЫК САЛАМ.
13.09.2010. 17:55
 zeinep
Фархат клипин сонун дегеле Ыссык көлдүн жээги тимеле силерге жарашат экен.Ырдын мааниси да эң сонун эми автору Руслан болгондон кийин түшүнүктүүда.Клипти көрө эле бергин келет, кыз дагы суулуу иши кылып супер!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: