Фархат Кеңешбек уулу "Кайдагы сүйүү?"
Жанр:Поп
00:03:47
59,06 Мб
Жүктөлгөн: 05-08-2010


Сөзү:Р.Нарынбековдуку
Обону:Р.Нарынбековдуку

Байкоосуздан жолуктуң, сүйгөнүм, мага,
Баштагыдай күлкүң жок, не болду сага?
Убадаңа бек туруп калбадың беле?
“Бактылуу болобуз” деген сөздөрүң кайда?

Кайырма:
Жаным, кайдагы сүйүү?
Жаным, кайдагы күлкү?
Соолуду го сага арналган сүйүүнүн гүлү,
Эми кайрылбайт күлкү,
Эми кайрылбайт сүйүү.
Соолуду го мага арналган сезимдин гүлү.

Кантип эми таба алам дартыма даба?
Бүт дүйнөмдү курчап алды муздаган аба.
Эгер болсо канатым баарын унутуп,
Алып учуп кетмекмин алыс жактарга.



  • Currently 4.13/5
(8 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (78)

05.08.2010. 15:40
 Colt45
жакшы клип экен. 10 дон 8 балл койдум. сюжети да бар экен
05.08.2010. 17:29
 Aslana
Клиптин башталышы, дегеле жакшы клип болуптур. Бирок обону Сыймык Бейшекеевдин "жакшы сөз айтчы мага" ырынын обонуна өтө окшош экен.
05.08.2010. 17:32
 Арина
өтө эле кайгылуу го, мага былжырап-эзилген ырлар анча жага бербейт, бирок клиптин сюжети дурус экен...
05.08.2010. 18:33
 honey
Жакшы экен мага жакты. Бирок кайгылуу экен. Эч качан жаштарда мындай суйуулор болбосун!!! Оомийин!!!
06.08.2010. 04:20
 Elboto
Achilbay atat !!!(((((
06.08.2010. 22:46
 Aelina
Jakshi ele klip eken birok, kop ele klipterde kyz bay,ullu kishi menen ketip kala beret. Sujetti ozgotushso jaksi bolot ele. el koro elek istoriyalardan klip kilishsa jaksi bolot ele.
07.08.2010. 09:28
 mirzo
Жакшы, суйуу менен кошо акча учун баарына даяр болгон кээ бир адамдарды кошуптур. Акча бизди таппайт, биз табабыз. Ушуну унутпагылачы туугандар.
07.08.2010. 21:27
 Demon
тагдыры аянычтуу экен. коруп отуруп "эмне учун коп эле клипптерде Кыргыз кыздарынын башка улуттагылар менен журуп кеткенин коргозуп калышкан? же чын эле биздикилер ушул жолдобу?" деген суроо пайда болот. мындай клипптер кыздарыбыздын намысына тийсе керек деп ойлогом, бирок комент жазган айымдардын биринин да жини келип койбоптур. кызык, демек биздин кыздардын башка улуттагы мырзаларга качып жатканы чындык экен да ...
08.08.2010. 18:32
 erma
Azyrky kyzdardyn 90% ishenip bolboit akchanyn kyzdary azykry kyzdar))
14.08.2010. 17:33
 Tokmok
erma: a baldargachy? Azyrky baldar kandai? Ar kim ozu uchun joop berse......
14.08.2010. 22:57
 koha
klip jaktu! iigilik!alga!
16.08.2010. 03:10
 Chippolino
Tokmok tuura aitat!"Azyr kyzdar myndai,baldar tigindei"dep syn tagyp,zamanga shyltabai ele koelu.Ar bir adam kylgan kylygy uchun ozu gana jooptuu!
Klip maga lichno jakty!!!
16.08.2010. 13:22
 ymyta
Жакшы ыр,жана жакшы клип болуптур.Ийгилик сага! Мен дагы бир учурда жигитим менен катуу турткулоп ушундай сыяктуу болуп катуу урушуп кеткенбиз.Азыр баары жакшы,урушуп кайра табышып,дегиле жашоо ошонусу менен кызык экен :)))
16.08.2010. 19:50
 goldenmoon
клиптин анча эмес,ыр деле супер эмес.
16.08.2010. 23:43
 Akyikatchy
Фархат айтсан ,силер ырчылар ушундай кайгылуу журок ооруткан ырларды кобуроок ырдай берсенер анан бизде кайдагы кулку , кайдагы суйуу ?!
17.08.2010. 02:13
 aziattita
и тут хачы, они везде что интересно. клипчик как клипчик, есть на что смотрет, но не долго
17.08.2010. 04:49
 nemes
molodec brat, klip ochen' horoshii. Jelayu uspehov vo vsem!
17.08.2010. 19:48
 kabarchy
jakshi ir jana jakshi klip
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: