Замир Мырза "Өзүң деп"
Жанр:Поп
00:04:02
73,41 Мб
Жүктөлгөн: 01-07-2011


Сөзү:Алтынбек Алымовдуку
Обону:Замир Мырзаныкы

Карагат көзүңө, кадалып өзүңө,
Тамшанып тойбоймун,
Күлкүң толкуп көңүлдө.
Сезилет жомоктой,
Серпилген чачтарың.
Ирмелип кирпиктериң,
Ийилет го каштарың.
Гүл болуп ачылган,
Нур болуп чачылган.
Көз салып артыңдан,
Жүрөм сага ашыга.
Күндөгү чүрөксүң,
Жылдызды жазданган.
Бийиксиң кол жеткис,
Бийлеп жүрөк назданган.

Кайырма:

Кучагымды жайдым,
Чакырдым махабаттын шаарына.
Кумарымда айдын,
Бөлөнөсүң түн асманымда.
Кулачымды жайдым,
Таң жок сен менен тоскон,
Ак таңымдай...
Өзүң деп мен калдым,
Өзүң деп...жалгыз өзүң деп...

Ажарың бир сулуу,
Көктөгү булуттай.
Ак куудай жүзүңдү,
Жүрөмүн да унутпай.
Сезимди козгогон,
Секетим ардагым.
Жүзүңдөн нур болуп,
Бүт дүйнөмдү арбадым.
Эзилет жүрөгүм,
Эркимди баса албай.
Сүрдөнүп өзүңдөн,
Жандап кадам бара албай.
Катылган сыр болдуң,
Ачылбай каламбы?
Жел болуп артыңдан,
Жетпей аттиң кыламбы?

Кайырма:
  • Currently 4.55/5
(40 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (37)

01.07.2011. 13:09
 aku
Zamir Myrza uilongonbu? takyr ele zamir interviu berbeit e super infogo.
01.07.2011. 13:20
 brit
чындап эле Замир Мырзадан да интервью алгылачы супер инфо. мага ошондой сезилип жатабы же чындап эле Ираклиге окшоп алганбы
01.07.2011. 15:04
 Шаиста Шатманова
Бул ырды Замир ырдаарын билбечу экенмин. Клип жарайт.
01.07.2011. 15:06
 bzkgn
Zamir Myrzanyn yrlary az bolgonu menen baary ukkuluktuu...
01.07.2011. 18:00
 ARSI
Замирдин ырларын жакшы коруп угам, клип да жакшы болуптур
01.07.2011. 23:21
 tekila
Песня-супер!
Клип-хороший!
Стиль (у Замира)-не идет...
Ему идет более сдержанный стиль. Стиль молодого человека, а не подростка!
02.07.2011. 00:02
 lira
Yr abdan jakty...
P/S:Kyrgyzdar Koreamania bolyp kalyhkanby(kiyinyy stilibiz)???
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: