Замир Мырза "Сүйүүгө таазим"
Жанр:Поп
00:03:39
56,06 Мб
Жүктөлгөн: 08-07-2011


Сөзү:А.Акбаровдуку
Обону:К.Артыковдуку

Балбылдаган көздөрүңдөн,
Неге шоола чачырайт?
Кызгалдактай эриндериң,
Сезимиңди жашырат.
Кызыл алмам, ээлеп алдың,
Кыялымды, түшүмдү...
Нөшөр болуп,
Кусалыкты жууп өтчү батыраак.
Назик, мукам күү өңдөнүп,
Төгүп койчу күлкүңдү,
Ыр сунайын бир өзүңө,
Махабатым тартуулап.

Жаркыйт көңүл сени эстесем,
Чар тарабың гүл жайнап.
Жалын болуп жанат жүрөк,
Махабаттын өртүнөн.
Азгырасың жан дүйнөмдү,
Ак кайыңдай бүр байлап.
Ай нурунда кыялымда,
Терезеңди өпкүлөйм.
Жашыл жазым кышка айланат,
Бирок сүйүүм кыярбайт.
Жоогазындай жаштыгымды,
Саргайтпачы, өтүнөм.

Көздөрүмө сүрөт болуп,
Элестериң байланып.
Көрүп турам, жаным, сенден,
Кайталангыс сулуулук.
Коштоп келем сени жандап,
Өмүр бою айланып.
Күн өңдөнүп а сен мага,
Чачып турчу жылуулук.
Өзүң барда түндөр сулуу,
Дүйнө сүйкүм, ажайып.
Өмүрүмдү бүтүн бойдон,
Сунам сага ыр кылып.
  • Currently 4.91/5
(22 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (29)

08.07.2011. 18:05
 klara
Вау, мен биринчи))) Клип жакты), а ыр болсо анча купулума толбоду(. Клиптеги жигит жаны чыгып келе жаткан ырчы-Данияр Эрматовбу же ошого окшошпу?? Ооба, ошол экен. А кыз болсо "супер сулуу-2010до" 2-орунду алган Ажарга окшош экен)
08.07.2011. 19:13
 moonray
Абдан жакшы экен...жакшы ыр, сонун клип болуптур! Ийгилик!
08.07.2011. 20:49
 mediko
Клипи жакшы чыгыптыр,ыры орто! Замир алга!!!!
08.07.2011. 23:43
 AYGERA
замир толуп алыпбы алма жегим келип кетти
09.07.2011. 13:25
 brit
омурумду бутун бойдон, сунам сага ыр кылып! кандай сонун саптар. ыр да клип да аябай жакты.
10.07.2011. 12:49
 botokoz
оочень хорошая песня и клип тоже славно получилось!Молодец Замир!++++++5555
10.07.2011. 20:37
 Kiza
Аябай соооооооооооооооонун, СУПЕР, СУПЕР!!!! Соз жок, Замир Мырзага! Ийгилик сизге!
10.07.2011. 20:48
 aikoledi
жакшы
11.07.2011. 10:31
 Rucalka
абдан жакты клип!!!Кызыл алма клиптин фишкасы болуптур...
11.07.2011. 16:05
 akylzirek
Замир азаматсын!Мен биринчи кезекте ырдын создоруно браво дегим келет.Обон созго шайкеш жазылыптыр.Чыгармачылыктын усутундо иштеп жатканы сезилет бул жигиттин. Клип дагы жакшы тартылыптыр.Алгалай бер...
12.07.2011. 00:05
 akynbaev
абдан жакшы тартылыптыр. коп эмгек жумшалганы дааны байкалат. Рахмат, ушундай чыгармачыл адамдарга! учубуз кур эмес, Кудайга шугур.
12.07.2011. 20:58
 MrAdylio
Super.. браво ..ийгилик
13.07.2011. 14:27
 ХАНЗАДА
Сонун ыр, мыкты клип болуптур. Кызыл алма, эх, ушул кызыл алма. Кызыл алманы мен да сагындым...
14.07.2011. 22:55
 monchok
жакшы клип экен!клиптеги кичинекей бала Эрнис Борубаевдин баласы болсо керек.
15.07.2011. 06:58
 mira85
jakshy!!!
17.07.2011. 23:39
 dindilin89
Клип аябай сонун экен! Замир озу эле такыр жакпайт да.
19.07.2011. 09:10
 jaina
Охо, сонун клип болуптур.Замир катуу иштеп баштаган го, жакшы-жакшы...Мааниси да сонун экен клиптин, аягы да бактылуу аяктаптыр))))
17.08.2011. 12:19
 Jeki
Cонун ыр экен ырдагын келет укканда. Клип дагы жакшы тартылган. Сага уй булолук бакты, чыгармачылык ийгилик!
22.11.2011. 18:00
 Мэри
Сонун ырды "орто" дегендерге таң калып жатам. Сонун ыр го, сөздөрүн карасаңар, обонучу! Бул ырды күнүнө 5-6 жолудан угуп жатам. Менде автордун аткаруусунда да бар. Ал аккордеон менен ырдаган.
03.12.2011. 20:37
 Ayjash
ОООй ушул ыр жакты,Замир ага ийгилик ар дайым жылмая берсин сизге!!!!
17.02.2012. 04:23
 ainura_perm
ырды Замир тайкем аябай жакшы ырдаган,а бирок тиги клипке Аслана Ашировага ылайык нормальный баланы тартышса болмок унуройтуп Даниярды тартпай.например:Айдин Шерди тартышса клип биринчи орунга жетишмек..Асланага Данияр вообще не подходить.анан да мага эн жаккан жери бак ичинде Аслананын эркелеген жери.азаматсын Аслана Америкага кетип эмне кыласын циркте эле журо берсен боломок.
17.02.2012 14:03
lhl
ainura_perm, сен кыз болуп туруп кызды суйуп калгансынго ха ха ха Дони класавчик бала да ой ой ой. кыздар ай эмне олуп баратасынар?????
18.04.2012 02:41
Ima12
lhl, aylanayin ushul silerdi synatyp ele koyso boldu... Atak Daniyar soonun bala jurogu tazaa karoche moshny bala
19.02.2012. 00:08
 mur
Мааниси жакшы экен
21.02.2012. 10:43
 snejinka
клипте озгочолук бар- баягыле тоо, талаа, машина и кыздар эмес...озунчоле минифильм,оригинальный-корсон козун сйунот)) обону да мыкты. супер деген баа бермекмин бул чыгармага.
28.02.2012. 09:04
 dina
Позитивдүү клип болуптур.
27.03.2012. 18:43
 анарбек
жакшы сонун ыр да клип да
11.04.2012. 10:42
 amerikano
Дааа, беззаботный, милый клип. Однако есть некоторые нюансы, которые портят произведение искусства. например, я не поняла, почему Замир Мырза поёт у железнодорожной остановки. И ещё для девушки парень слишком простоват. Кстати говоря, можно было бы закончить историю несчастливым концом, тогда более запоминающимся остался бы клип.
12.12.2013. 02:19
 Asianat
Замир азаматсын! Ийгилик кана коштоп журо берсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: