Кумар Асанов "Алмашым"
Жанр:Поп
00:04:37
63,72 Мб
Жүктөлгөн: 21-10-2011


Сөзү:Р.Абдыкадыровдуку
Обону:Р.Абдыкадыровдуку

Билбейм, неге кетпей койдуң эсимден.
Бир кездеги бирге жүргөн, Алмашым.
Элестериң көз алдыма тартылат,
Эртели-кеч эсимдесиң, Алмашым.
Жок дегенде бир көрүнүп койсоңчу,
Алыссыңбы, жакынсыңбы, Алмашым?

Көргүм келип, сени дегдейт жүрөгүм,
Качан сага жолугамын, Алмашым?
Кабарыңды айтып койсоң кыйнабай,
Кайран жүрөк кайгы тартып калбасын.
Кайда экен деп тынчым кетип ар убак,
Карбаластап таппай калдым айласын.

Элге жаксын сен иштеген иштериң,
Эмне деймин, башка сөз жок, Алмашым.
Жарк деп дайым жанга сүйкүм мүнөзүң,
Жазгы гүлдөй жакшынакай жайнашың.
  • Currently 4.86/5
(22 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (65)

21.10.2011. 18:00
 Шаиста Шатманова
Рыспай агабызга рахмат айтуу керек, дуйнодон козу отсо да артында калтырып кеткен ырлары далай ырчынын минтип "багын ачып" жатат. Окуган менен окубагандын айырмасы асман менен жердей эле. Кумар билимдуу ырчы, эн сонун аткарыптыр. Менимче бир аз динамика жетишпейт.
21.10.2011. 18:01
 meineblume
Azamat Kumar!
maga jakty yryn,anan da stilin ozuno ayabai jarashyptyr!!ALGA!!!!!IIGILIK SAGA!!!!
21.10.2011. 18:10
 Нукура кыргызка
ырды бузуп таштаганго(((
21.10.2011. 21:49
 deer
мага жакты
21.10.2011. 23:31
 danilchikkg
Салам Кумар! Я знаю что ты читаешь данные комменты. Смотрю повзрослел как... Молодец! Продолжай в том же духе! Друг!
21.10.2011. 23:48
 Aelina
soonun boluptur, Azamat.
22.10.2011. 00:00
 HHFRU
jakti maga, iygilik!
22.10.2011. 10:08
 Giza
Жылмайбай ырдасы жакшы болмок.Кайда экен деп тынчым кетип ар убак,
Карбаластап таппай калдым айласын.жыргап атам деп жылмайат ко.
30.10.2011 21:31
beam
Giza,))) туура, ыр болсо жакшы экен
22.10.2011. 12:49
 erbolkaliya
Кумар,азаматсын!обонду бузбай ырдагансын.
22.10.2011. 16:43
 lider-kg
байкасанар Рысбайдын жаш кезине окшошуп кетет экен
22.10.2011. 19:44
 azamat44
Кумар жагат мага как ырчы катары.эгер ушул менин комментарийимди окусан сага бир сунуш,сага чачынды остуруп жургонун жарашпайт.
22.10.2011. 20:19
 moinok
Баары сонун. Мага аябай жакты ырды да катырып ырдаган. ушунчалык уккулуктуу.АЗАМАТ бар бол. Ийгилик каалайм.
22.10.2011. 22:11
 pupsik_asia
Ырды жакшы го ырдаган а клибин бир ааз башкачараак кылып тартбаптыр эле,кулуп ырдабай саал серьезныйраак ырдабаптыр
23.10.2011. 00:40
 narke1812
сонун
23.10.2011. 00:40
 narke1812
сонун
23.10.2011. 03:14
 ainura220888
оооо менин дердешим молодец дайым кочкор атанын атын алыска таратып журо бер атагын алыска жетсин сен ырысбайдын ырларын сыйласан сени Ырысбыйдын арбагы колдосун!!!
24.10.2011. 09:54
 Барби
сонун аткарыптыр. Талантын ташкындай берсин.
24.10.2011. 13:29
 dsamidinov
неге мынча кубанасын
24.10.2011. 15:01
 Мэри
Клип жакшы болуптур. Кумар да сонун ырдаган.
Азамат! Ийгилик!
24.10.2011. 15:19
 tekila
Кумар соонун жигит болуп калыптыр го =))
Я его всегда ценила!!!! Успехоооов!!!
Песня и клип замечательные!
24.10.2011. 17:07
 Girl_GG
супер!мага жакты,ийгилик!
24.10.2011. 17:44
 Шаиста Шатманова
Жылмайып жыргап ырдаганын мен да анча жактырбадым, образга кирсе болмок. Бирок баарыбир жакшы ырдаган, уккун келет.
25.10.2011. 03:52
 obruchalko
maga jakty, kyz dagy jakshinakai eken !AZAMAT.
07.11.2011 23:45
aibek_kyrgyz
obruchalko, НВТ дагы муз каналга 3 кун алып баруучу болду окшой бул кыз.
25.10.2011. 13:49
 baiysh
wow wow wow!азаматсын красавчик!обонду бузбай сонун ырдагансын.голос какой красивый.меня переполняют эмоции соз жок.супер а бираз назигирээк кыз болсо болмок
25.10.2011. 23:03
 erjigit10
Азамат Кумар абдан жакшы ырдапсың, сага чыгармачылык албан албан ийгиликтерди каалайбыз. Ырды бузуптур деп жазган көрөалбастарды жана артка тарткан адамдарды укпа. Алдыга Кумар Азаматысң!!!!!
25.10.2011. 23:55
 Puwkin
Chyngyz Myrzevdin jylmayganin stilin kymtyp uurdap alyptyrgo.
27.03.2012 01:03
Ханбийке
Puwkin, Уфф эми уурдаган болуп калат деп байкуш ырчылар жылмайа да алышпайт экен да, ал эми ыр менен клип жонундо айтсам просто суппппппппппппер!
30.04.2012 09:11
tolkunbek
Puwkin, жок ал просто чынгызга окшош экен
26.10.2011. 09:28
 snejinka
чачы кыскарып кеткен го))))
ырды жакшы ырдаптыр, бузуп салыптыр дегенге кошулбайм...бирок кичине ""серьезныйраак" болуп алса болмок-жылмайган жарашат экен, бирок бул ырга эмес. ийгилик!
26.10.2011. 13:32
 baiysh
кырынан Антон Макарскийге окшоп кетет экен.3кундон бери 30жолу уктум.какой обоятельный а?А голос какой приятный.
26.10.2011. 16:01
 Akynjan
Салам дос!!! Бул Акын.Клиптерди коруп кубандым.Жакшы!!!Кудай кудурет берсин!!!Тойума келип ырдап бер.Ноябрьда уйлоном.Зарифти корсон айт.
26.10.2011. 18:26
 Барби
жакшы ыр болуптур. азамат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: