Роза Шакирова "Жүрөгүм"
Жанр:Эстрада
00:03:31
52,39 Мб
Жүктөлгөн: 24-01-2012


Сөзү:Т.Сериковдуку
Обону:Т.Сериковдуку

Ак куудай катар жүргөн деңиздеги,
Көңүлүм алып учуп сени издеди.
Биле албай отурамын, баары бир деп,
Жүрөгүм, жүрөгүм, ай,
Жүрөгүм, жүрөгүм, ай, сени издеди.

Мен сени бакытыма баалап жүрдүм,
Көрбөгөн күндөрүмдү санап жүрдүм.
Укпайсың, айткызбай, ай, бар сырымды,
Мен сени жүрөгүмдөн,
Мен сени көңүлүмдөн каалап жүрдүм.

Жүрөмүн сен жөнүндө күндө ойлонуп,
Чыгамын кирпик какпай түндө ойлонуп.
Келгенде айтамын деп канча бир сөз,
Каламбы айта албай,
Каламбы айта албай тил байланып.
Жүрөгүм, жүрөгүм, ай,
Жүрөгүм, жүрөгүм, ай, сени издеди.
  • Currently 4.55/5
(29 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (38)

24.01.2012. 11:47
 jfj
Вааууу мен биринчи! Ыры аябай сонун клип эптеп эле болуп калган. Бир ааз чөнтөктү аябай эле тартса болмок.
24.01.2012. 13:01
 LoLoPePe
Жүрөмүн сен жөнүндө күндө ойлонуп,
Чыгамын кирпик какпай түндө ойлонуп.
Келгенде айтамын деп канча бир сөз,
Каламбы айта албай,
Каламбы айта албай тил байланып.
24.01.2012. 15:39
 kattoo
унун ушунчалык соонун жонокой эжэ
24.01.2012. 21:19
 Nurik_kg91
Супер..
24.01.2012. 22:05
 Gold_kg
озунун стили менен ырдаса жакшы болмок канчанге чейин Гулнурду туурап ырдайт билбейм. клип чын эле аз-маз начар болуп калыптыр, ыры сонун ийгилик сага Роза.
25.01.2012 14:43
bopos
Gold_kg, эмнеге ушундайсынар,эч кимди туурабай эле озунун стили менен эле ырдап журот ар дайым.гулнур экоонун стили дегеле окшошпойт го негизи.ийгилик роза,уну аябай сонун.
26.01.2012 02:01
Mistery
Gold_kg, чынында эле клип башталганда эле Гулнур эжеге окшошуп кетет экен...а бирок Гулнур эжебиз стилин менчиктеп алыптырбы???!!!.....бул макияжды жонокой адамдар да ар куну жасап жумушка, окууга барышат...койнокторду да дукондон сатып алып кийип журушот....ошондуктан туурап эатат дегенден алысмын....жана клип тууралу....бир аз устунон иштеш керек.....ыры сооонун....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: