Роза Шакирова "Апакем"
Жанр:Поп
00:03:14
54,7 Мб
Жүктөлгөн: 17-10-2015


Сөзү:А.Туткучевдики
Эстедим жаш чагымды,
Тил албай айтканыңды.
Азабым даалай тартып,
Ак басты чачтарыңды.
Кеттим мен билим сапам,
Күттүң го жолум карап.
Кең жайып тасмалыңды.

Күйүттү эч билбеген,
Күн каалайм кеч кирбеген.
Арка бел атабыздын,
Жоктугун сездирбеген.
Ажалдан күч келсе да,
Ааламды бүт берсе,
Алмашпайм эч ким менен.

Байтерек караныңыз,
Бакыт, кут жамалыңыз.
Кудайдан өмүр тилеп,
Кыйшайсам таядыңыз.
Жараткан аян кылган,
Пайгамбар баян кылган,
Бейиш жай таманыңыз.

Корго деп эл-жериңди,
Тарбия бергениңди.
Апаке кантип актайм?
Ак сүтүм эмгенимди.
Соолбосо асыл денем,
Жер сайып башым менен,
Кайтарам эмгегиңди.
  • Currently 4.74/5
(23 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (22)

17.10.2015. 17:25
 aika_sv
Roza ejenin unu sonun da. Ar daiym ugabyz yrlarynyzdy. Ununuzgo bereke.
17.10.2015. 17:47
 aitowa11
Эн жакшы ыр болуптур клип да соонун. Роза эже ишинизге ийгилик. Ар дайым ушундай уккулукктуу ырларды аткарып,зоболонуз бийик болуп,бактылуу жашап журо бериниз
17.10.2015. 17:50
 aitowa11
Админ ушул ырдын тексттин да жазып коюнуздарчы
17.10.2015. 18:15
 Nur0701
азаматсыз эжеке,унунузго береке!
17.10.2015. 18:16
 Sandrana
Азаматсыз унунуз очпой дайыма ушундай жадырап жайнап журо берин жузунуздо кулку эле боло берсин,клипке эч болбосо аяшэнемди апанын ролуна катыштырып койбопсуз андан да соонун болмок телевизордон ушул клип чыкканда озуну коруп журмок,мейли эми бул жагыда жакшы эле болуптур!
17.10.2015. 20:58
 Aiida25
Азаматсын 5555
18.10.2015. 13:31
 chynara-84
Аябай соонун клип болуптур.Дагы да ушундай клиптерди кутобуз.Клиптеги имам биздин кошуна Насыр молдо.
18.10.2015. 18:21
 mira2006
Сонун чыгыптыр, ушул эже аябай жагат мага,ырдаганы озуну алып жургону
19.10.2015. 11:52
 dawa
Соонун чыгарма
19.10.2015. 19:02
 Jantaev
Жакшы ыр болуптур.клипда жакты.апамы сагынып кеттим.
19.10.2015. 20:18
 alisa.ilias
сонун болуптур
21.10.2015. 08:20
 Роза Шакирова
Рахмат.Жакшы создор,колдоо бул ырчыла
рга эргуу берет. Баарыныздарга рахмат.
21.10.2015. 13:36
 altynbek_84kg
Клипке эч нере айталбайм бирок Розанын уну менен ырдын созундо катачылык жок ийгилик эжеке
22.10.2015. 16:44
 Ayanat
Baary sonun!!! Uwul Eje ekoobuzdun tabitibiz bir da)). Jalan maga jakkan yrlardy yrdait
25.11.2015. 11:43
 Mirbek_1990_24
соз нет!!! супер!!
20.12.2015. 21:24
 kg_smile
Эн сонун! Мен уккан ырлардын эн керемети
19.01.2016. 00:58
 dav312
Роза Шакирова бул ырды оз денгелине жеткире ырдай албаптыр мен кутком абдан жакшы ыр чыкса кк деп бирок ырды бусуп салыптыр клип болсо чындап ырга топ келиптир
10.02.2016. 10:46
 marty77
Клипте эч озгочолук коро албадым. Роза эженин уну жакшы, жакшы ырга сонун клип тартса болбойт беле.
10.02.2016. 13:35
 bela77
Ыр жакшы, клиби жаккан жок!Жакшылап изденсе болмок бироо эмес учоо ырдап жаткандан кийин! Учоо чогулуп ойонсо деле клипке жакшы сценарий табылмак да.
29.04.2016. 14:43
 salamat1987
Эн негизи созу абдан манилуу жакшы жазылыптыр аткаруусу да сонун рахмат
10.02.2017. 21:12
 Nurgulcyntemirova
Эн сонун чыгармада минусовкасы да болсо жакшы болмок
10.02.2017. 21:13
 Nurgulcyntemirova
Сураныч минусовкасын кочуруп бересиздерби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: