Сапар Эркебаев "Алма гүлү"
Жанр:Эстрада
00:04:29
42,98 Мб
Жүктөлгөн: 14-05-2012


Сөзү:Ж.Сыдыков
Обону:Ж.Мамажановдуку

Канча ирет аппак болуп алма гүлү,
Канча ирет куурап түштү гүлдүн бүрү.
Калган бейм ал гүлдөрдүн далдасында,
Кыз жандап жүргөн чагым кечээ күнү.

Ишенбей сен улгайдың десең мага,
Боз улан эмес белем кечээ гана.
Ал кезде махабатты эстеп алып,
Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара.

Ах, чиркин, сонун мезгил артта калып,
Түнкү оттой тээ алыстан бүл-бүл жанып.
Тутантат куса болгон жүрөгүмдү,
Ээрчитип, өзүн көздөй тартып алып.

“Дүрт” этип махабаттан келсем эрип,
Дагы эле келет сага эркелегим.
Кайдасың, айтсаң боло, кызыл алма?
Кайдасың жүрөгүмдүн эңсегени?
  • Currently 4.37/5
(19 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (36)

14.05.2012. 21:28
 merim
Сапар дос кандайсын?МЕН ЭРКИН,ишине ийгилик каалайм!!!
16.05.2012 11:06
sambo
Таарынба Сапар брат Ырын жаккан жок!
15.05.2012. 11:00
 Nurik_kg91
Жакшы болуптур Сапар сиздин ырларынызды калтырбай угам!
15.05.2012. 11:04
 Sanjar_Osh
Ыр аябай жакшы аткарылыптыр. бирок видеого тартып жатканда Сапар жон эле оозун кыбыратып коюптур. оозун чон-чон ачып, чын эле айтып жаткандай кылыш керек болчу. ырында куч менен айтылып атат да, видодо эптеп эле оозун ачып жумуп койгон
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: