00:03:40
22,43 Мб
Жүктөлгөн: 27-06-2011
Сөзү:Ж.Мамбеталиевдики
Обону:Б.Тургунбаевдики
Туулган жерим - асыл турагым,
Сезимимде өчпөс чырагым.
Симфония болсоң сен эгер,
Нота болуп сага турайын.
Кайырма:
Кереметтүү күүлөр куюлуп,
Кулагымда турат угулуп.
Туулган жерим, сенде турбайбы,
Айтып бүткүс кооз сулуулук.
Түшкө кирсе күлгүн жамалың,
Жүз көрүшүп тунуп каламын.
А сен болсо бүтпөс чоң дастан,
Бар болгону, мен бир сабагың.
Кайырма:
Обон салып, талаа жаңыртып,
Кайрыктарын миң бир кыялдын.
Дептер болсоң сансыз барактуу,
Из калтырар мен бир сыямын.
Кайырма: