Асель Касымова "Эркелеп"
Жанр:Поп
00:03:39
50,66 Мб
Жүктөлгөн: 19-06-2012


Сөзү:Нурлан Насиптики
Обону:Нурлан Насиптики

Жүрөгүм, жүрөгүм жаман эзилет,
Сүйүүгө жан дүйнөм неге берилет?
Бир өзүң деп жүрсөм да.
Сагынып, саргайып күтүп жүргөнмүн,
Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйөмүн,
Бир өзүң, жүдөдүм.
Сагынып, саргайып сен деп жүрсөм да,
Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйсөм да,
Сезбедиң, сезбедиң.

Кайырма:
Эркелеп, эркелеп сага барсамбы,
Кучагың, кучагың мага жайсаңчы.
Жан эркем, сүйүүнүн балын татсаңчы,
Жүрөктүн кусасын жазсаңчы.

Ойлонуп, ойлонуп ойго батамын,
Көз алдымдан кетпейт сенин карааның,
Жете албай сыздадым.
Жүрөмүн азыр да сени сагынып,
Билемин, келбесиң мага кайрылып,
Ыйлаймын, сыздаймын.
Жүрөмүн азыр да сени сагынып,
Билемин, келбесиң мага кайрылып,
Ыйлаймын, кыйналдым.

Кайдасың, кайдасың менин жамалым?
Өзүңдү, өзүңдү издеп таппадым.
Асылым, ардагым сүйүүм сезбедиң,
Келбедиң жалгызым, келбедиң.

Сагынып, саргайып сен деп жүрсөм да,
Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйсөм да,
Сезбедиң, сезбедиң.

Кайырма:
  • Currently 4.65/5
(83 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (161)

19.06.2012. 15:34
 Nargiza_tls
ыр жакшы мага жаккты аябай жакшы болуптур Асел сага
ийгилик чыгармачылыгына клип да жакшы болуптур ыр да жакшы ообону да жакшы ийгилик сага..
19.06.2012. 15:35
 almakg
Асел азамат ыры соонун жакты бааарынан койногу соооооонун экен го
19.06.2012. 17:03
 123456789
соз жок жакшы ыр клип болуптур.Биринчи чыгышында эле ушинтип баштасан келечекте атактуу ырчы болосун
20.06.2012 16:23
aychurok89
123456789, тууура кошулам сага
19.06.2012. 17:12
 Mamat
Жасалма адамга окшош го
19.06.2012. 18:02
 ХАНЗАДА
Кызды тааныбайт экем, но ыры жакты.
19.06.2012. 18:51
 kgz181092
унун ото сонун жагымду кийингенин тыкан жана тартымдуу суйлосончу мени алдымда угуп калып омур бойу бактылуу мага жага жагасын эгер жанындан корсом
19.06.2012. 19:16
 Aigewa
Klip Sulaiman-Toodo tartylgan go! Maga da ayabai jakty...menin da suiuumdu sezbei koigon bir jigit...ozum namek tawtasam bolmok eken owondooooo hehe tamawaaaa ....
19.06.2012. 19:51
 nurizka
Асель эже рахмат. Чыгармачылыгынызга ийгилик!!!
19.06.2012. 20:36
 kozubaev
Suyomgoo ushul kyzdy.
19.06.2012. 21:12
 aziz.
Магада жакты ийгилик каалайм.
19.06.2012. 21:45
 Monokbaev
ваоуууу ушул ырды аябай катту суйом да, удачи Аселя эже
18.02.2013 01:04
Neba.
55555555Модератор admin_media түзөттү 18.02.2013 09:12
19.06.2012. 22:06
 sparkle
Азаматсыз Асель эже )) жакшы клип болуптур
19.06.2012 22:15
jfj
Жаны ырчыго э? Бирок жаны чыгып жатканга окшобойт экен эн мыкты клип супер
19.06.2012. 22:31
 Aromat-leta
Асель Касымова жаны чыгып келатпай эле, башта "Элегия" тобунда ырдачу го. Кийин озунчо чыгып ырдап калган. Мындан башка коп эле ырлары бар. Жакшы ырдайт, ийгилик сага Асель...
20.06.2012 13:43
МээримКа
Aromat-leta, ооба, Элегия тобунда чачы сары болчу.
20.06.2012. 02:26
 aiazbek
асель эже ийгилик сизге ыр жакшы чыгыптыр
20.06.2012. 02:28
 aminali
Сонун кыз экен,ырдап жатканда да актерлук чебери сонун болуптур берилип так аткарып жаткандай абдан жакты,канаатандырлык клип экен.
20.06.2012. 02:34
 meineblume
wauuuuuuu jakty maga da ayanai, kaira kaira ugup jatam bolboi ele....kosho kynkyldap koiup:-) hihihi, iigilik ! orkundoi ber oso ber!!!!!
20.06.2012. 14:11
 Polukrovka
омиий да!жакшы клип экен ...особенно жигиттин МТВ деген рубашкасы озгочо жакты=))
20.06.2012. 15:19
 NARYNGRAD
Azamatsyn, jakshynakai kyz ekensin go!
20.06.2012. 15:49
 suiush
Sooooonun
20.06.2012. 16:18
 aychurok89
песни про любовь 2012,супер,асель касымова чыдамсыздык менен кутомун жаны ырларынды))
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: