Асель Касымова "Чын эле мен сени таптымбы?"
Жанр:Поп
00:03:29
44,3 Мб
Жүктөлгөн: 15-07-2014


Кыялда кылымдап издегем,
Түйшүктүү түбү жок из менен.
Капыстан жолуктук, сырдаштык,
Жолубуз кайчы эмес, түз беле?

Кайырма:
Сен дагы мени издеп шаштыңбы?
Түбү жок санаага баттыңбы?
Шам болуп жагылчы, жыргалым,
Чын эле мен сени таптымбы?

Сүйлөсөң сүйүнө караймын,
Салаалап чачымды тараймын.
Күлмүңдөп көздөрүң от чачса,
Кайра эле күлкүңдү самаймын.

Кайырма:
  • Currently 4.71/5
(28 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (55)

16.07.2014. 01:10
 altyna86
Мага жакты,жакшы ыр,жакшы клип болуптур.Азаматсын!
16.07.2014. 03:36
 nabi89
Сонун
16.07.2014. 09:09
 jasi
Жакшы клип болуптур! Аселя эже чыгармачылык ийгилик! Онуго бериниз!
16.07.2014. 11:07
 messi_1987
Элмырза братан красавчик ))
16.07.2014. 12:52
 ermekbaevna
ушу эрнист сыдыков maryotellден башка кафени билеби??7 кимди клипке тартпасын баары ушу картинкалардын астында ырдашат.
16.07.2014. 12:56
 ermekbaevna
эмне эле анжелика анжелика дей бересинер. анжеликага окшоп калыптыр, анжеликаны туурап алыптыр деп, эмнеси окшош, эмнесин туураптыр, ааламда анжеликадан башка ырчы жокбу не, керек болсо анжелика асельди туурап ырдайт, анжелика аселден кичине го, асел эмнеси болсода 3-4 койнок мурун жырткан анжеликанарга караганда!!!!!!!!!!!!!!!
07.12.2014 17:23
Anjella89
ermekbaevna, эн туура айтасын эми Анжелика га соз жок аны мактанта берсе болчу обу жок кыз
16.07.2014. 13:13
 snejinka
актер жигит да кыз да жакшы ойноп беришиптир, жасалма, ашыкча боек (кызда) жок. клиптин мазмуну жакты.
16.07.2014. 14:32
 mi-li-na
Жакшы ырдаптыр Аселя. Келбети боюнча Аселя менен Анжелика экоондо тен окшоштук бар экен, мен да элдерден калбай айтып калайын)))Дос кутуу жакшы, достукту баалап алуу андан да кыйын. Экооно тен туболуктуу достукту каалайм,шоу-бизнестеги доспуз деп учурундо ысык достордон болуп жургон кыздар(атын айтпайле коеюн:) бугун бир-бирине кас болуп калгандарын билебиз,ошолордой болбогула!Аселя мн Анжелика дуэт ырдасанар болчудай экен...
17.07.2014 02:43
Marta
mi-li-na, чынында эле Асель менен Анжелика келбет жагынан окшошуп кетишет, бирок Аселдин озгочолугу: уну бар жана жасалмалуулук жок.
16.07.2014. 16:07
 AiNuR_777
Жакшы клип болуптур коргон сайын коргум келетго маанайды которуп, голосуда жагымдуу экен. Баары 5+ ☆ ☆ ☆ ☆ ☆
16.07.2014. 20:11
 linara
Ushundai yrchy kiz bar bele? Unu ayabai fresh eken.Sonun.Iygilikterin kutobuz.
17.07.2014. 12:18
 aitmambet
"Секси" клип болуптур.Мага жакты..
17.07.2014. 12:52
 merinargiz
Ырды ачып бере албаптыр Менин оюмча,ар кимдин табити ар кандай ошондуктан мага уну жакпады.Анан дагы жакпаса корбойле кой деп чыкпагыла мен Жон Гана оз оюмду айттым.баарына ийгилик.
17.07.2014. 16:34
 depu
Башкаларга салыштырмалуу ырдай алат,мактанбайт.
18.07.2014. 00:57
 AMAH-2

Клип сонун болуптур.Ырды да сонун ырдаптыр.Алга!
18.07.2014. 10:48
 elfaiza
Сюжети жакты бирок балдардын бийлегени синхронно тартылбаптыр
19.07.2014. 07:45
 Kamila88
Татынакай жигитко мага жакты))) клип сонун и Асель озу да сонун.
19.07.2014. 14:43
 Jumaakb
Мен дагы Аселдей болуп сүйгөн жарымы таап алсам жакшы болмок. Өтө соонун ыр болгон. Ийгилик каалайбыз кыргыздын кымча бел кызы Асел Касымовага.
19.07.2014. 17:13
 g.jumabekova
Уну сонун экен. (Сураныч Анжеликага салыштырбагыла анда ун деген вообще жок). Клип сонун тартылыптыр.
20.07.2014. 00:47
 ulik.2014
С тамгасын башкача айтат ээкен е
23.07.2014. 00:34
 alai.gulcha94
Жакшынакай чыгыптыр кыз мн бала красавчик экен
23.07.2014. 06:10
 MEDEROLLA
Клипке тартылгандар атайы кафеге кирип, болгону бир стакан кофе ичишет го. Тамак, салат ж.б. заказ кылышпайбы. Анан да бул кафеге булардан башка клиент деле кирбейт окшойт
26.07.2014 08:53
Kamila88
MEDEROLLA, Тамак, салаты келгиле кофе ичип турушатта)))башка клиент дейсин отуратко бир штук жигит)))
04.08.2014. 23:47
 anya
Мага жакты кайра-кайра коруп жаттым.
12.08.2014. 11:58
 Sezim_88
Ayel keqi degen erde jonotvp hoysonguzdar
18.08.2014. 09:19
 as.fanat
...класс) клип ничёщка) Асельдин башында очкичен бийлегени жакты, вааащэ шикарно)))
28.08.2014. 00:10
 nuria karakol
Экинчи голос Ильяз Андаш го, уну аябай окшош экен. Таптымбыыыы.....шатынбыыыы... деген жерлери
28.08.2014 09:45
Daiza
nuria karakol,
Экинчи голосто коп ырчылардыкын Куба деген бала менен Эдил Маматов деген ырчы балдар коштойт, бул Экарекордс студиясында жазылган болсо анда башкалар, башка жакта болсо анда жогорудагы эки мырзанын бири) Ильяз эмесго дегеним%)
07.12.2014. 23:40
 elvira1980
Саламатсыздарбы супер инфо Аселдин эркелеп деген ырынын ремикс варианттын киргизип бересизднрби сураныч алдын ала рахмат!
09.12.2014. 08:34
 Ayimay
такая приятная девушка
11.01.2015. 21:58
 aldavait
Жакшы эски ырларды ырдоо моода болуп атканго. Асел озу симпатичная экен
13.01.2015. 13:02
 anya
Баарынан да бийлегенге ылайыктуу экен.
25.02.2015. 08:37
 ramawka28
уну вооообще сонуууун экен ото жагымдууу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: