00:11:05
111,93 Мб
Жүктөлгөн: 19-09-2016
Автор:Айзат Болотбек кызы
Оператор:Айбек Алимов
Бүгүн, 19-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кезектеги маалымат жыйынын өткөрдү. Буга чейин өтүлө турган маалымат жыйындын максаты айтылып, анда коомчулукка азыркы саясий кырдаал тууралуу бир катар маселелер жарыяланмак. Депутат Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө "президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы 15тей адамдын 2010-жылдагы мародёрлукка тиешеси бар болушу мүмкүн" деген пикирде. Ошондой эле өлкө Эгемендүүлүк майрамын белгилеп жаткан күнү Атамбаевдин аянттагы сүйлөгөн сөзүн мисал келтирип, "Атамбаев оппоненттерин аянттан каралады. Акаев, Бакиев да мынчалык деңгээлге түшкөн эмес" деген оюн билдирди.