00:06:50
28,41 Мб
Жүктөлгөн: 26-10-2013
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
«Алтын ѳндүргѳн «Кумтѳр Оперейтинг Компани» компаниясы КТРКга жана башка жалпыга маалымдоочу каражаттарына акча тѳлѳп, депутаттарды элге акмак, эл душманы кылып кѳрсѳтүүдѳ”, - деди ЖК депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин кечээги отурумунда.
“Тарыхты окуу керек. Тарыхта да Африка, Иран жана башка ѳлкѳлѳрдѳ чет элдик компаниялар келип, элдерин бири-бирине тукуруп, бийлигин кулатып, байлыгын тартып алып турганын тарыхтан окугула. Элдин байлыгы үчүн депутаттар күрѳшүп, байлыгын кайтарганы аракет кылып атса, канадалыктар биздин КТР баштаган телеканалдарды, экс-президентти, президентти жана ѳкмѳттү сатып алгандай туюлууда. Биз эмне үчүн ѳзүбүздүн байлыгыбызды тартып ала албайбыз? Ѳзүбүз колго алып иштетишибиз керек Кумтѳрдү. Мен 31 жашымда депутат болуп туруп ушул “Кумтөр” боюнча күрөшкөм. Анда президент Акаев “Кумтөрдү” жактап, бизди жеңип алган. Акырында парламент таркаган. Андан кийин президент болгон Бакиев да “Кумтөрдү” жактап калган. Экс-президент Роза Отунбаева да бийликке келери менен “Кумтөрдү” жактап кирди. Кечээги интервьюсун окудуңарбы? Отунбаева бүгүнкү “Кумтөр” маселеси боюнча бизди, депутаттарды күнөөлөп жатат. Парламент маселени создуктуруп жатат дейт. Ушул боюнча эле калтырып коюшубуз керек экен. Тымызын “Кумтөрдү” жактап жатат. Эми Атамбаев да “Кумтөрдү” жактап калды. Эмне биздин президенттер бийликке келери менен “Кумтөр” буларга бир нерсе кылып коёбу? Алтургай, премьер-министр Сатыбалдиев да “Кумтөрдү” жактап жатат. Керек болсо парламентти таркатып жиберебиз деп коркутуп коёт. Биз эч коркпостон эле “Кумтөрдү” кыргыз элине иштей тургандай кылышыбыз керек”, - деди Өмүрбек Текебаев.