01:02:44
619,18 Мб
Жүктөлгөн: 06-04-2017
Автор:Перизат Музуратбекова
Оператор:Айбек Алимов
Бүгүн, 6-апрель күнү Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын карады. Бул учурда анын тарапташтары соттун имаратынын алдына чогулушуп, Жапаровду үй камагына чыгарууну талап кылышты. Сот экс-депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Аны №47 колонияга алып кетишти. Жактоочусунун айтымында, 2-3 күндөн кийин Жапаровду аталган колониядан №1-тергөө абагына которушат.