00:01:21
11,56 Мб
Жүктөлгөн: 26-08-2019
Автор:Кызжибек Раимова
Оператор:Руслан Алыбаев
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун улуу баласы жол кырсыгынан каза болду. Маалыматты Садыр Жапаровдун жактоочусу жана Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 22-августта түнкү саат 11 чамасында Бишкектин Көк-Жар айылы тарапта болгон. Маркум мотоцикл айдап бара жатып кырсыкка учураган.