00:00:59
13,78 Мб
Жүктөлгөн: 29-08-2018
Автор:Аяна Байтемирова
Оператор:Руслан Алыбаев
Кечээ, 28-августта түнкү 23:30дар чамасында Индонезиядагы Жайкы Азия оюндарына катышып ийгилик жараткан Кыргыз спортчулары өлкөгө кайтып келишти. Аларды туугандары, күйөрмандары жана журналисттер Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл өткөрүү пунктунан тосуп алышты. Өлкө сыймыктары чек арадан өтөр замат аларды тосуп алуу кыйкырык-сүрөөн, кол чабуулар менен коштолду.