Жаңылыктар: Малайзиядагы TV3 телеканалында "Мейкин Азия" тууралуу репортаж көрсөтүлдү
00:02:21
11,8 Мб
Жүктөлгөн: 20-08-2015


"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Быйыл июль айында иш сапары менен Кыргыз Республикасына келген малайзиялык журналисттердин бири, TV3 телеканалынын кабарчысы Азария Тагайанын кыргыз жери тууралуу дагы бир сюжети эфирге чыкты. Анын буга чейинки репортажы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусуна арналган болсо, бул жолу "Мейкин Азия" фестивалы жөнүндө болду.

"Ар бир ырчынын кыялы - дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыз болуу. Мындай максатка жетүү оңой эмес. Эл аралык музыкалык фестивалдарда музыканттар өз өнөрлөрүн дүйнөгө таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат",- деп сюжеттин башында айтылат.

"Мындай иш-чаралардын бири - Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда жыл сайын өтүп жаткан “Мейкин Азия” фестивалы. Быйыл бул сынак өлкөнүн эң популярдуу жайларынын биринде өткөрүлүп, 20дан ашуун мамлекеттин ырчыларын келүүгө кызыктырды. Ага Орусия, Украина, Армения, Болгария, Казакстан, Македония, Молдова,Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдүн ырчылары катышты. Фестивалдын максаты – ырчылардын музыкалык өнөрлөрүн эл аралык аренада көрсөтүү. Бул фестиваль экинчи ирет өткөрүлүп, келечекте туризм тармагындагы башкы кызыгууну жаратууга жардам берет",- дейт журналист Азария Тагайа.

Андан соң ал келечекте бул фестивалда Малайзиянын артисттеринин катышуусуна үмүттөнөрүн баса белгиледи.

Малайзиялык телеканал муну менен фестивалды гана эмес, кереметтүү Ысык-Көлдү дүйнөгө даңазалады. Миңдеген телекөрүүчү Кыргыз Республикасы, анын жаратылышы менен кооздугу тууралуу кызыктуу маалымат алышты. Өлкө бюджетине салмактуу киреше салчу Ысык-Көлдүн дүйнөгө жар салынышы мамлекет үчүн маанилүү кадам экени талашсыз.

Маалымат үчүн: 2015-жылдын 24-30-июль күндөрү Малайзиянын алдынкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кыргыз жергесинде болушкан. Сапарды Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган жана кыргыз өлкөсүн дүйнөгө таанытуу аркылуу инвесторлорду жана туристтерди тартуу максатын көздөгөн.
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Трейлерлер
Мыскыл жана тамаша
Кино, ТВ, телешоу
Кырсык жана согуш
Музыка
Мультфильмдер
Спорт
Илим жана техника
Авто жана мото
Жарнамалык роликтер
Жаратылыш
Оюндар
Саясат
Достор менен
Өнөр жана чеберчилик
Видеоблог
Үй-бүлө
Салтанаттар
Саякат
Эротика
Аралаш
Жаныбарлар дүйнөсүндө
Дин
Балдар дүйнөсү
Шоу дүйнө
Турмуш
Аниме
Ашкана
Мода жана стиль
Жаңылыктар
Сериал
Кылмыш жана жаза
Бий дүйнөсү
Караоке
Сынак. "Супер-Инфо"
Сулуулук
Ден соолук
Концерттер
Видеосабактар
Айтыш жана дастандар
Пайдалуу кеңеш
Super.kg 10 жашта
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: