00:03:41
17,52 Мб
Жүктөлгөн: 20-05-2014
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
9 майдан – 11 майга чейин Кытай Эл Республикасынын Гуйлин шаарында “Кыргызстандын Маданият Күндөрү” болуп өттү. Иш чарага Кытайдын 10дон ашык шаарларында билим алып жаткан Кыргызстандык студенттер катышып, үч күндүк программага күбө болуп кетишти. “Кыргызстандын Маданият Күндөрү” иш чарасынын демилгечиси жана уюштуруучусу “ПАТРИОТ KG” жаштар коомдук бирикмеси жана Гуйлин Технологиялык Университети иш чаранын өтүшүнө колдоо көргөздү. 3 күнгө созулган маданият күндөрү Кытайдагы Кыргызстандык студенттер тарабынан өткөрүлүп келе жаткан маданий иш-чаралардын ичинен деңгээли жана масштабы боюнча жогору жана көлөмдүү болууга жетишти. Иш чаранын максаты Улуттук маданиятыбызды тааныштыруу менен эл достугун бекемдөө жана Кыргызстандык жаштардын ынтымак биримдигин чындап, ошондой эле билим-маданият-спорт тажырыйбалары менен алмашуу жана жаштардын мекенге болгон сүйүү сезимин, сыймыгын арттыруу болуп саналды. Мындан сырткары Кытайда билим алуу маселелеринин көйгөйлөрү жана келечекте Мекенге кызмат кылуу келечеги тууралуу талкуу болуп өттү.Иш чараны колдоп Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Гуанчжоу шаарынын башкы консулу Тентимишов Максат Ишенбекович, “Замандаш” ассоциациясынын башкармачылыгынын өкүлү Иманалиев Рыскадыр Жолдошевич келип катышып беришти. Иш чара үч күндүк мөөнөт менен өткөрүлдү. Алгачкы күнү катышуучулардын келиши жана жайгашуусу ошондой эле таанышуу кечеси өттү. Экинчи күнү Кыргыз маданиятына арналган көргөзмөнүн ачылышы менен башталып, конференцияга кезек берилди. Андан соң салтанаттуу концерт менен уланып, кечкисин расмий кечки тамак жана эркин баарылашуу менен аяктады. Соңку күн улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлүп жана Гуйлин шаарына экскурсия жасалды. Мындан бөлөк программада этно дискотека, тематикалык маектер, кызыктуу оюндар, ыр кесе сыяктуу кызыктуу иш чаралар өткөрүлдү. “ПАТРИОТ-KG” коомдук бирикмесинин демилгеси менен өткөрүлгөн “Кыргызстандын Маданият Күндөрү” келген коноктордун жана катышуучулардын маанайын жылытып, Мекенибизге болгон сыймыгыбызды арттырып, бардыгыбыздын башыбызды ынтымакка кошконго чоң себеп болду. Мындан улам, буга чейинки койулган максаттар, иш жүзүндө өзүнүн максатына толук жетише алды деп ишенимдүү айтса болот. Иш – чарага катышкан ар бир коногубуз өзүнүн жеке ыраазычылыгын билдирип, “ПАТРИОТ - KG” жаштар коомдук бирикмесинин келечектеги иш – чараларына ийгилик каалашты. "ПАТРИОТ KG" коомдук бирикмеси Гуйлин Технологиялык Университети жана Гуйлин шаарында окуп жаткан студенттерге терең ыраазычылык билдирет.
АЛГА КЫРГЫЗСТАН, АЛГА "ПАТРИОТ KG"