Жанр:Эстрада
00:03:26
20,93 Мб
Жүктөлгөн: 26-09-2011
Сөзү:Ч.Шадыбековдуку
Обону:М.Абдраевдики
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Көк чыбык минип тоолордо,
Көпөлөк кууган кездерим.
Көп жылдап алыс жүрсөм да,
Көркөмүң эстен кетпеди.
Оюмда дайым, оюмда дайым,
Түркүн гүл өскөн тескейиң.
Алтынга теңейм тоо-ташын,
Ак карлуу бийик аскасын.
Алыстап кетсем да, Ат-Башым,
Көрктөнгөн кайың-арчасын.
Көркүңө толсом, булбулуң болсом,
Көрктөнгөн кайың-арчасын.
Көгүлтүр килем талаасы,
Элимдин тунук санаасы.
Ак-Сай, Арпа, Арашан,
Жаныма кубат абасы.
Токою, тоосу көк жашыл болгон,
Ат-Башым бакыт калаасы.