Музыка: Калил Аблез уулу - Кыргыз жергеси
00:02:52
9,82 Мб
Жүктөлгөн: 03-08-2012


"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
КЫРГЫЗ ЖЕРГЕСИ

Сөзү:Орозалы Кашкарбай уулу
Обону:Калил Аблез уулу

Кызкалдактай сулуу келбетиң,
Эй, кыз-келини сулуу эркесиң.
Каныкйедин тамган көз жашы,
Кагылайын кыргыз жергеси.

Кайырмасы

Кыргыз жергеси,
Кылым кемеси,
Алтын-күмүштөй,
Тулку денеси,
Кагылайын кыргыз жергеси.

Бакай ата минип жоргону,
Эй, бабам Манас баскан жолдору.
Ак куланын изин сактаган,
Айланайын кыргыз тоолору.

Кайырмасы:

Кырка тоолору,
Кырка зоолору,
Кыргыз элимдин,
Полот коргону,
Айланайын кыргыз тоолору.

Асмандаган тоолор айбаты,
Эй, аталардын улуу кайраты.
Апакемдин меери сыяктуу,
Айланайын кыргыз дайрасы.

Кайырмасы:

Кыргыз дайрасы,
Кылым айбаты,
Көк жал Манастай,
Күчү кайраты.
Айланайын кыргыз дайрасы.
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (1)

03.08.2012. 15:44
 bakyt1980
кытайда жашаган кыргыздар...!!!! Азаматтар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Трейлерлер
Мыскыл жана тамаша
Кино, ТВ, телешоу
Кырсык жана согуш
Музыка
Мультфильмдер
Спорт
Илим жана техника
Авто жана мото
Жарнамалык роликтер
Жаратылыш
Оюндар
Саясат
Достор менен
Өнөр жана чеберчилик
Видеоблог
Үй-бүлө
Салтанаттар
Саякат
Эротика
Аралаш
Жаныбарлар дүйнөсүндө
Дин
Балдар дүйнөсү
Шоу дүйнө
Турмуш
Аниме
Ашкана
Мода жана стиль
Жаңылыктар
Сериал
Кылмыш жана жаза
Бий дүйнөсү
Караоке
Сынак. "Супер-Инфо"
Сулуулук
Ден соолук
Концерттер
Видеосабактар
Айтыш жана дастандар
Пайдалуу кеңеш
Super.kg 10 жашта
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: