00:04:27
19,76 Мб
Жүктөлгөн: 05-02-2013
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Дүнүйө
Сөзү:Орозалы Кашкарбай уулу
Обону:Турдакун Айса уулу
Бал жуттум балдай таттуу болбой койду,
Уу жуттум уудай ачуу болбой койду.
Дүнүйөң ий кетик чыны сыяктанып,
Балга да же ууга дагы толбой койду.
Дүнүйөң оой кетик чыны сыяктанып,
Балга да оо ууга дагы толбой койду.
Кайырмасы:
Бал жуттум, уу жуттум,
Шарап жуттум, суу жуттум.
Баары бирдей даба болбой,
Айлам кетип буулуктум.
Асылдар асылдарча болбой койду.
Аккуулар көлгө келип конбой койду.
Дүнүйөң ий тешик челек сыяктанып,
Деңизди сузсам дагы толбой койду.
Дүнүйөң ой тешик челек сыяктанып,
Деңизди сузсам дагы толбой койду.
Кайырмасы:
Бал жуттум, уу жуттум,
Шарап жуттум, суу жуттум.
Баары бирдей даба болбой,
Айлам кетип буулуктум.
Каректен кан аксада азап менен,
Калып эле мен өзүмдү жасап келем.
Карындаш ой кандай жансың таштан бүткөн,
Кайгынын туманында жашап келем.
Карындаш ой кандай жансың таштан бүткөн,
Кайгынын туманында жашап келем.
Кайырмасы:
Бал жуттум, уу жуттум,
Шарап жуттум, суу жуттум.
Баары бирдей даба болбой,
Айлам кетип буулуктум.
2012/12/16 чыгарылыш
Шашылыш, жарым күндө тартылып жасалган клип (обондуу тасма)