00:01:56
8,63 Мб
Жүктөлгөн: 23-09-2013
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
“Миллиондук мелдеш” - комедиялык мелодрамасы жалпы адамзатты кызыктырган бирок жообу оной менен табылбаган суроого жооп издейт.
Ал - жашоодо эмне күчтүү: Бийликпи, байлыкпы, кара куч же ак сөзбү?
Ар бири өз иштеринде ийгиликке жеткен, абройлуу 50-55 жаштагы төрт мырзанын ортосундагы сырдуу жана купуя МЕЛДЕШ тасманын негизгин тузот. Алар ар бири бирден жигит жалдап, шаардын эн сулуу кызына кимиси биринчиси уйлонсо, ошол женишке жетмекчи. Оюнга ат салышкан бизнесмен Бекжан, аспирант Бакыт, ырчы Жан жана крим чойродогу Марат, кимиси эн сулуу Арууке аттуу бийкечтин журогун багындырат? Ким миллиондук утушка ээ болот? Мүмкүн биздин жашообуз менен да бирөөлөр ойноп жаткандыр? Адамдын тагдыры өз колундабы, же биз башка бирөөлөр тарабынан жазылган сценарийдин каармандарыбызбы? Ушул жана башка суроолорго жооп издеген “Миллиондук мелдеш” аттуу комедиялык мелодрама “Медиастар” продакшн студиясы тарабынан силердин назарыныздарга сунушталат.