00:10:04
43,25 Мб
Жүктөлгөн: 04-10-2013
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Төөнүн сүтү чыгыштын ысык абалуу өлкөлөрүнө мүнөздүү, сиңимдүү жана аш болчу оокаттардын бири. Өзгөчө бул азык менен арап өлкөлөрүндө кенен тамактанышат. Төөнүн адам колуна үйрөөнүүсү дегеле араптардан башталганы тарыхтан маалым. Ошондон баштап араптарда мунай заты табылганга чейин же жыйырманчы кылымдын жетимишинчи жылдарына чейин эле «төөсү бардын бактысы болгон». Анткени чындыгында бул жаныбар каардуу чөл элине нары улоо, көлөкө, кийим жана тамак болуп келет. Төө жыйырма жылдан ашык жашайт жана ондон ашык бото көрөт. Ботосун он эки ай көтөрөт. Кыргызда толгоосу создуккан келинди төөнүн этин жептир дегени балким ошондон калгандыр.