ЖЕБЕ тобу "Насаат ыры"
Жанр:Поп
00:03:26
43,23 Мб
Жүктөлгөн: 21-10-2013


Бирде жигит төө минет,
Бирде жигит жөө жүрөт.
Төө мингенде жигитти,
Төбөсүнө көтөрүп, ай,
Төгөрөктөп эл жүрөт.
Жөө жүргөндө жигитти,
Жөн жүргөндо жигитти,
"Жөн жүрбөйт го мобул" деп,
Жөөлөй түртүп эл күлөт.

Аскар тоонун этеги,
Барып-барып чак болот.
Бир атанын балдары,
Алты тууган болсо да,
Катташпаса жат болот.
Ага-иниңди жаман деп,
Тууган кайдан табылмак
Аргымакты жаман деп, ай,
Буудан кайдан табылмак.

Жалгыз өгүз кош эмес,
Жаакташкан дос эмес.
Жакшы-жаман күндөрдө,
Жардам берип жаныңда, ай,
Жан күйбөсө дос эмес.
Тайгак жолдо, тар жолдо,
Тагдыр тайкы болгондо.
Тамашалап кеп айтып, ай,
Табалаган дос эмес.

Ата-энеңдин кадырын,
Көзү барда билип жүр.
Карысы бар баланын,
Ата-энеңдин кадырын,
Өзү барда билип жүр.
Кулун кезден өстүргөн,
Ээсин тепкен ат жаман,
Өзөк өрттөп куйкалап,
Өздөн чыккан жат жаман.

Көптү көргөн аксакал
Кары болот, билип жүр.
Кары сөзүн капка сал,
Кары сөзү жаштарга
Даары болот, билип жүр.
Керкейгенге кергейгин,
Көктөн түшкөн пир эмес,
Ийилгенге ийилгин,
Баалап берген кул эмес.

Алган жарың Айпери,
Хандын кызы болсо да,
Ажаанданып кыйкырып,
Айтканыңа көнбөсө,
Сулуулугу не пайда?
Аркан-жипти үзгүлөп,
Азоолонгон кез кайда?
Аштан, тойдон калган соң,
Күлүктүгү не пайда?
  • Currently 4.51/5
(41 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (105)

20.11.2013. 20:28
 al_samir
саламатсызбы admin_media Жебе тобунун насаат аттуу ырынын МР3син жуктоп койуунуздарды суранат элем!алдын ала рахмат!!
21.11.2013 09:36
admin_media
al_samir,
Саламатсызбы!
http://www.super.kg/media/audio/87087/
25.11.2013. 18:14
 Robin_777772012
Озгочо...Мааниси улгулуу экен
10.12.2013. 14:18
 Elvinka
Прочитала комментарии,почему так много негатива у нашей нации..Ну и что-то они перепевают старые песни,нужно замечать талант,а не то что они поют..Большую благодарность нужно сказать Кенже Дуйшеевне,клип весьма хороший,со смыслом,их одежда,танцы..И вообще супер,люблю их всех очень))
11.12.2013. 11:31
 Guli.K.E.
Клип эн сонун тартылган! минустарын айтып кажети жок . Аракет кылышкан главное. Минур Самат вы просто молодцы. Стиль тоже жакшы необычный . и главное Буранадан тартылганы жана аттын устундо чапкандары эн жакшы болгон! Жебе тобу молодцы ! Ийгилик силерге балдар , оркунунор осо берсин!
Айтылган негатив комментарийлерге конул бурбагыла!
Жакшы болсо да биздин кыргыздар полюбому бир кемчилигин айтып чыгат, ойдо турткондун ордуна кайра ылдый карай буттан тартат.Так что ВПЕРЕД ВПЕРЕД и ещ
12.12.2013. 04:45
 Mariyana
Ийгилик кыргыз жигиттери!жакшы клип,жакшы ыр!
13.12.2013. 19:58
 sale-81
красавчики одним словом!хорошо спели,и + клип отдуши снят
23.12.2013. 16:47
 АйАй
Сонун эле болгон.Башкача кылып тартса анданда кемчилик табасынар.
28.12.2013. 01:31
 Роза Шакирова
соонун ыр. Жигиттер алга
28.12.2013. 02:16
 Ханбийке
Гу жем пелор, ырды жакшы ырдашыптыр.
30.12.2013. 20:22
 lucky_star
Ваай наконец-то бизде да ушундай бир коруп суйуп кала турган жигиттер бар экен. Таланты да, оздору да, ырлары да супер!! Ушинтип кыргыздын улуттук кийимдерин ж.б сактап журо бергиле! Молодцы!!
05.01.2014. 16:29
 NazNazik
Не деген керемет ыр, не деген керемет костюмдар, Балдар, укмуш, бийлери нукура кыргыз бий, эн бийик деген баа берем!
05.01.2014. 18:00
 beknur95
Эн мыкты,таланттуу топ,ийгилик бийиктиктердин чокусуна чыккыла
06.01.2014. 21:44
 Mariyana
соонун ыр.Ийгилик силерге жигиттер!Кенже эже сиз суперсиз.
09.01.2014. 21:04
 himmel.5
Жебе тобунун бир жери эле жакпайт да, ырларга кичине акцент жасап ырдап коюшат..
14.01.2014. 16:15
 dakan
жакшы ,озу жылдыздуу балдар бирок, ундору анча емесго негедир. клип жакты
18.01.2014. 09:46
 aikoldar
Жакшышы жакшы эле деш керек, зачем коралбастыктын кереги бар. Ото супер болбосо да, кээ бир клипке караганда жакшы. Маныздуу ыр, формасы да жакшы, ырдаганы да жакшы.
26.01.2014. 09:17
 Аза
Клип жакшы эле Кыргызстанга болот. А ыр болсо эски ырды ырдап жатышат. Озулору чыгарган ырлардан же жаны ырларды ырдашса болмок. Мен 5 баллдын ичинен 3 деген балл берем!
30.01.2014. 09:39
 aigeldi
орок оро албаган орок тандайт
30.01.2014. 20:26
 azzambek
мага жакпады килип
03.02.2014. 21:01
 admin_media
nazi2010,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
25.02.2014 13:15
Alina_001
admin_media, Сизге бир суроо берсем болобу?
25.02.2014 13:27
admin_media
Alina_001,
Саламатсызбы! Купуя менен жазып жиберсеңиз болот сурооңузду.
04.02.2014. 03:41
 hakker_a
Кыргызстанда биринчи жолу мега клип болуптур. Болот экен го ушинтип ырдап ушинтип кийинип ушинтип клип тартса. Бирок калпак кийип алганда мындан да озгочо болот беле билбедим айтор.
14.02.2014. 14:41
 kg_bars
ыр сонун экен
23.02.2014. 15:32
 Alina_001
Мынча сонун ыр ..КЛАСС. Жебе тобу сиздер красавчиксинер
23.02.2014. 15:42
 Tomega
Жигиттер озунчоле Ф4го.Формага соз жок.
23.02.2014. 17:54
 Alina_001
Жебе тобу сиздерге бир сурооо эмне учун сиздер отурганга Медер отурган жокк и анан башында да кошпопсунар?
25.02.2014. 13:14
 Alina_001
Сонун го озгочо Самат байке жана Кумар байке Сонун чыгыпсынар
01.03.2014. 15:44
 nazi2010
Мне очень понравился клип и песня незнаю как вам? но у нас такого еще не было Молодцы!!!
10.05.2014. 10:30
 Leo.
sonuuuuun!!!!
11.05.2014. 10:04
 omurbek312
алга жебе тобу сонун
29.09.2014. 17:00
 Jibulina
кумар красавчик
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: