Гүлнур Асанова "Ак Мөөрдүн арманы"
Жанр:Фольклор
00:03:49
52,47 Мб
Жүктөлгөн: 19-11-2013


Сөзү: Сооронбай Жусуевдики
Обону:Жазгүл Жумаканова

Тагдырымдан эртелеп,
Таза, мөлтүр махабат күткөн элем.
Ак куу сындуу эркелеп,
Асмандай көк Соң-Көлдө сүзгөн элем.
Ал Соң-Көлдөн айрылып,
Ак канатым кайрылып
Жантай хандын торуна түшкөн элем.

Кенен Кемин тар болуп,
Оор кайгы төмөндөн басты мына.
Көкүрөккө зар толуп,
Көзүм жетти бактымдын аздыгына.
Ичке катып бугумду,
Ичке катып муңумду,
Жашым кулайт түн сайын жаздыгыма.

Оо, тагдырым, тагдырым
Ушунча да сен ташбоор болосуң
Баарын үйүп кайгынын
Өмүр бою зарлантып коесуңбу.
Күн болоюн өзүңө,
Бир көрсөтчү көзүмө,
Эңсеп жүргөн жалгызым Болотумду.

Ашыгымды, ырчымды,
Эстеп, эңсеп өңүмдөн азып жүрөм.
Ага арнаган сыйкырлуу
Махабатты жүрөккө катып жүрөм.
Аны көрүп түшүмдө,
Бирге батып үзүргө,
Ай нуру сепкен жайлоодо басып жүрөм.
  • Currently 4.79/5
(19 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (27)

19.11.2013. 11:02
 TolonturCN
Гүлнур Асанова азаматсың, ар бир чыгармаларыңда нарыктуулук бар, нукура улуттук баалуулуктарды чагылдырган чыгармаларың менен келе бер.
19.11.2013. 11:14
 sanchos
Супер. Красавица!!!
19.11.2013. 14:53
 gogi55
азыркы учурдун акмооруго ?
19.11.2013. 16:07
 zolotse
бул сулуу эжекем менин жердешим болот.
19.11.2013. 16:50
 NADUW
уккулуктуу ыр экен! коптон бери жок болуп кетти эле! жасалмалуулук жок азаматсыз!
19.11.2013. 17:40
 Debi
Өнөр, сулуулук деп ушуну айтыш керек, бир жолу укканда, көргөндө канбай турган чыгарма болуптур!
19.11.2013. 17:44
 sayaktar
Песня шикккарная! А она сама очень красивая, добрая, простительная, и вообще люблю я эту особу. Дай Вам бог долгих и счастливых лет жизни с Вашим возлюбленным!
19.11.2013. 21:21
 bella.samat
ушул кыздын келбетин болуп карасан баары жайында бирок жылдызы жок жагымсыз.
19.11.2013. 22:32
 supeeri
Кандай гана, маанилу ыр, сулуу Гулнура азаматсын.
20.11.2013. 00:06
 jazy
сонун ыр экен азаматсын Гулнур баржогунан бар уну да суулуда башкаларга окшоп шпаклевкаланбайт кийген кийимдери кыргыздын улутук кийимдери кийет ырларыда сонун укулукту чыгармачылык ийгилик !!!
20.11.2013. 00:51
 elya2404
башка ырларын кызыгып деле укпапмын, же уксам дагы эсте калбаган. Бул ыры аябай уккулуктуу болуптур. Клип дагы супер. ничего лишнего, все идеально)
20.11.2013. 07:32
 Kitep
Урматтуу супер инфо! Баардык видеолорго 3gp форматына озгортуп кочуруп алуу функция кошуунарды суранабыз.
20.11.2013 10:18
admin_media
Kitep,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук. Бирок мындан кийин http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=2195 ушул жакка калтырыңыз, суроо-сунуштарыңыздарды.
21.11.2013. 07:16
 Rinatik94
Мага жагат да ушул кыз=)
21.11.2013. 17:13
 ayaza
Озу да,ыры да жагымсыз.
23.02.2014 17:13
Dasmond
ayaza, Акмоордон сулуулугу боюнча кем эмес экен гооо
22.11.2013. 13:40
 bilias
Азамат жакшы болуптур. Ашыкча эч нерсеси жок. Обону созу да жакшы экен осо бер. Жагасын мага.
26.11.2013. 13:12
 Jaryk78
))))озу Кур Салиевичтин Акмоору да,дегеле эч ким ишенбейт,азамат ошончо билдирбей Акмоору болуп жургонуно
29.11.2013. 21:03
 belosnejka1
Азаматсын!
11.12.2013. 11:25
 Kg93
Ыр сонун экен бул кайсыл филь ден алынган билгендер болсо сураныч айтып койгулачы коргонго. Аябай кызыгып калдым
23.12.2013 18:23
sayaktar
Kg93, Бул Ак Моор фильми.
23.02.2014. 11:35
 guli78
Рахмат сонун чыгарма болуптур... Гулнур иштерине ийгилик дагы дагы жакшы чыгармаларды кутобуз сенден....
26.03.2014. 09:50
 Luntik
Караңгы бөлмөдөн эле тартып коюшуптур го, калган материалдар кинодогу архивден алынса, Ак мөөр тууралуу башка идея таап сонун клип тартса болмок, жеңилине качырышты окшойт ээ?
26.03.2014. 09:50
 AshatMJ89
жакшы да эмес, жаман да эмес, орто
26.03.2014. 13:27
 bela77
Гүлнур көпчүлүк учурда улуттук колоритти тутунат, кеңешим, бул нерсе сени өз жашыңдан улуу көрсөтүп коет заманбап клип тартып көрбөйсүңбү?
03.05.2014. 06:03
 orhideya
Сулуулугуна коз тийбесин. Чыгармачылык жолунда эч качан аксаба демекчимин. Азаматсын.
23.11.2014. 06:50
 Januska
Жакшы чыгыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: