Гүлнур Асанова "Бегимайдын ыры"
00:03:51
23,32 Мб
Жүктөлгөн: 11-05-2011


Сөзү:А.Чойбекованыкы
Обону:С.Жумалиевдики

Таң кылайып чыгыштан аткан кезде,
Талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде.
Мезгил торун тынымсыз токуй жүргөн,
Мээнеткеч күн түнөккө жаткан кезде.
Махабатым сизге арнагам...
Махабатым сизге,
Тагдырымды сизге арнагам.

Бүлдүркөндөр ширесин төккөн кезде,
Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде.
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдай,
Сагынычтар туш-тушка учкан кезде.
Тагдырымды сизге арнагам...
Тагдырымды сизге,
Махабатым сизге арнагам.

Жемиш бактар ширесин төккөн кезде,
Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Арабыздан көп күндөр өткөн кезде.
Махабатым сизге арнагам...
Махабатым сизге,
Тагдырымды сизге арнагам.
  • Currently 4.75/5
(8 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (19)

11.05.2011. 15:27
 Juma5
Азаматтсын чыныгы кыргыз клиби болуптур улуттук кийиимдери жаратылышттын кооздугу аябай жакты ийгилик
11.05.2011. 19:08
 KubaBuba
Жакшы! Супер! Молодец! Сендей ырчылар кобойоберсин! Сага дайыма ишенет элем. Гульнур акыркы убак жоголуп кеттин го, чалып койчу сураныч. Кубаныч.
12.05.2011. 15:36
 saltane
азаматсын гулнура абдан сонун осо бер алдыга
12.05.2011. 21:26
 Shurik
Азамат соонун чыгыптыр
13.05.2011. 01:30
 kuttum seni
Соз жок! СУПППППППППЕЕЕЕР...
13.05.2011. 02:32
 damusya
kyzdyn koluna emne uchun dombrany berip koyushkan...? komuzdu oinotup koiso bolboit bele?!
13.05.2011. 20:33
 samsonbek
Кыз казак болсо керек , сценарий боюнча, ошончун домбураны кармап турат
14.05.2011. 09:22
 Baymomun
Кыргыздар негизи улуу, аруу сезимдерге бай эл, бузукусу жок, таза.
14.05.2011. 11:32
 peach
damusya,"Mahabat dastanynda" Begimai kazak kyzy Raimaly kyrgyzdy suiup yrdagan..Raimalynyn yry bolso komuzdu alip bir uluuraaak kishi turmak.
17.05.2011. 13:41
 Tima11
Абдан мыкты! Соз жок!
18.05.2011. 12:50
 arlekino
Жакшы...
29.05.2011. 14:28
 Aipesh
Мен калп айпасам бул кыз актриса беле. жакшы болуптур бирок кыз мага жакпайт.менимче
03.06.2011. 15:42
 kyrgyzstan996
Ыр жашкы болуптур. Жанына Раймаалыны да кошуп алса сонун ыр болмок.
11.06.2011. 02:03
 TAKE
Оо менин группалашым турбайбы жакшы ийгилик
08.07.2011. 09:16
 bavariy
молодец!!!
03.08.2011. 17:00
 zontik
Гулнур Асанова,сага кыргыз кийими абдан жакшы жарашат экен.Назгуль)))))))))))
11.10.2011. 00:44
 aiha1988
жакшы
02.11.2011. 20:07
 Kamilacan
Унун ушул ырга топ келишиптир,улуттук кийим да сонун жарашыптыр.
31.03.2012. 02:09
 Sulukan
сооооооооооонун ыр эээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: