Жанр:Фольклор
00:02:56
41,56 Мб
Жүктөлгөн: 05-12-2013
Сөзү:Атай Огонбаевдики
Обону:Атай Огонбаевдики
Булбулдар сүйөт гүлдөрдү,
Муңайым гана добуш үндөрдү.
Бурула басып сырдашып,
Шайырдуу жыргал күндөрү.
Ойноп бир гана күлгөн күнөөбү?
Ойнобой гана жаштар жүрөбү?
Оюнда сырым айтсам деп,
Жаштын ошондо болот тилеги.
Жаштыкты гана кандай ойлойсуң,
Сен, күкүк, жаш суусардай жойлойсуң.
Жакындап чалма саларда,
Жазгы таңдай ойнойсуң!
Айраны гана кенен да, кымыз мол,
Малдуу, дандуу жерибиз.
Жигити шайыр, кызы алтын,
Кымбаттуу кыргыз элибиз.