Токтобек Асаналиев "Боогачың сенин болоюн"
00:04:07
24,87 Мб
Жүктөлгөн: 22-06-2010


Сөзү:А.Рыскуловдуку
Обону:К.Рыскуловдуку

Алмашып күзгө жашыл жай,
Ат-Башым агат шашылбай.
Ат кечпей суунун агымын,
Арманым аттын башындай.

Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың,

Алыска арзып мен келдим,
Адашкан тайлак өңдөндүм.
Аркы өйүз менен берки өйүз,
Ат-Башым, неге тең бөлдүң?

Кайырма:
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.

Ачыгын айтсам жашырбай,
Арманым аттын башындай.
Ашыгым, менин көрсөтчү,
Аркы өйүз жакка жашынбай.

Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың.
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
  • Currently 4.86/5
(7 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (25)

22.06.2010. 17:42
 Шаиста Шатманова
Бул ыр Токтобек Асаналиев учун жазылгандай. Ырды журокторго жеткире аткарган. Башка ырчылардын бул ырды ушундай денгээлде ырдаганын элестете албайм.
22.06.2010. 17:43
 Шаиста Шатманова
Ал эми клипти тарткан режиссерго озунчо рахмат. Ал заманды, бугунку кунду эн сонун айкалыштырган. Ырдын маанисине да топ келген. Кыскасын айтканда +5!
22.06.2010. 21:24
 таалай
киип жок го
22.06.2010. 21:25
 таалай
клип жок коро албай жатабыз екатеринбруг.
22.06.2010. 21:55
 таалай
мыкты клип болуптур Токо азамат ысык атадан тартылыптыр наарындан тартсан мындан сонун болмок ушуга да тобо рахмат жакты мага екатеринбруг таалай.
23.06.2010. 00:10
 лунка
жакшы эле экен укканы болот
23.06.2010. 11:46
 Латыш
Сонун ыр да бул
24.06.2010. 01:53
 Tokmok
jakshyken......
24.06.2010. 14:09
 ANADOLU
Мдаа бул ыр Абдан сонун!Тушунгондорго.....
25.06.2010. 02:17
 bambucha
кыз ылдый чуркап кетип жатканда көрдүңөрбү эмне болгонун? ))
26.06.2010. 12:38
 Coldun
Токо байке азаматсыз!!!!! Сизден дагы-дагы жакшы ырларды кутобуз.
01.07.2010. 10:28
 MaRmeLaDka
Ыр жакшы экен эски заманды эстеткен. Клип өз ордунда иштелип чыгыптыр.
03.07.2010. 20:21
 Heidelberg
En sonun urdagan! Urdun maanisi da abdan jakschu! Ex chirkin At-Baschumdu sagundum
04.07.2010. 06:32
 Arstan
Мына живой ыр,живой клип,аябай соннун экен уга беретурган,эхх айылымды сагынып кеттим клипти коруп.
10.07.2010. 11:04
 Baktirbak
Азаматсыз Токтобек байке онорунуз оркундой берсин ишинизге ийгилик.
16.07.2010. 11:51
 azaika
Кыргызча коп деле ыр укпайм, бирок бул ырды укканда кыя отуп кете албайм.Эн сонун ыр!!!
16.07.2010. 13:10
 azaika
эми ушул ырдын МР3 форматы болсо эн эле сонун болмок ле да)))))
16.07.2010. 13:11
 azaika
ким да болсо болушсо эххххх
28.07.2010. 11:54
 jonikg
Клип бир эле колонкадан уну угулат экен, начар качество!
06.08.2010. 18:31
 maradona
ЭН МЫКТЫ БУЛ ЫРДЫ БАШКАЛАР ЫРДОО ЧУН ТОКТОБЕК БАЙКЕНИН УНУ КЕРЕК
18.08.2010. 17:38
 bakytmirza
Негизи раматылык Калмурат Рыскуловдун обондору жүрөк титиреткен, уккулуктуу. Сөздү да тандай билген. Балким арабыздан эрте кетпегенде дагы да мыкты обондор жаралмактыр.

Ал эми Боогачы Нарынга белгилүү болуш болгон. Сүргүндө кайтыш болгон. Сүргүндө жүргөн жеринен бул жакка алып келели деп барганда өзү көнбөй койгон, бул кебетемди кыргыздар көрбөй эле койсун деп.
18.08.2010. 17:39
 bakytmirza
Эл Боогачы болушту кандай көргөн болсо, элесинде ошол боюнча калсын деген.
05.04.2011. 02:20
 tugolbai
Токтобек байке дагы бир жолу Рахмат! Ат-башымды ырдапсыз,мен да сагындым чиркин.
11.07.2011. 00:20
 Dan4ik2612
Ыр дагы Клип дагы аябай сонун экен.мага жакты...
27.10.2011. 10:35
 Take84
Токтобек байкенин ырлары баарын жактырып угам өзгөчө "Боогачын сенин болойун" деген ыры ушунчалык уккулуктуу рахмат Токтобек баке ушуга окшогон көп-көп ырларды жарата бериниз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: