Элиза Орозова "Алтыным"
Жанр:Поп
00:03:39
56,94 Мб
Жүктөлгөн: 01-02-2010


Сөзү:М.Орозовдуку
Обону:Э.Орозованыкы

Алтыным, сага арналат ырым,
Айтылып калсын жүрөктө сырым.
Жалбырак өңдүү саргайбай сүйүүм,
Жапжашыл болуп жашасын кылым.


Кайырма:

Алтындан кымбат ардагым менин,
Айга да теңейм ажарың сенин.
Толкунуң менен толкусун жүрөк,
Толтуруп турчу дүйнөмүн кенин.


Ажарың сүйкүм асманда айдай,
Айлансам жерди артыңдан калбай.
Каркыра куштай катарын бузбай,
Каккандан такыр канатым талбай.


Эңсеген сайын эңсегим келет,
Энчиме бүткөн эң кымбат белек.
Жамалың сенин жаркырып турган,
Жаныма менин күч-кубат берет.
  • Currently 4.83/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (48)

11.02.2010. 05:40
 Demon
unu jakshi eken, birok yrdyn kairmasynda unun biigireek kotorup turup ozgocholontup koyso bolmok, misaly irdin akirinda sonun kylyp bakyryp koyso abdan sonun bolmok ...
11.02.2010. 20:14
 сокол
голос супер
13.02.2010. 03:48
 Адам
Мен да Demon мн макулмун
13.02.2010. 13:45
 Кайрат
Негизи бизде таш жарып чыгып уга турган ырлар жок эсе. Бул дагы катардагы ырлардын бири.
15.02.2010. 15:04
 Flowergirl
Уну сонун экен а клип норма
15.02.2010. 23:24
 Japalak
Ну вот опять. Кыз жигит суйушуп калыптыр, баягы эле бональная тема. Баягы эле сюжет. Тупизм, тупизм и еще раз тупизм. Придумайте оригинальные песни и клипы к ним. Элдер давайте бойкотировать тупые клипы, кто за!!! Оставляйте свои идеи певцам на этом, может быть слова песень или небольшие сценарии для видеоклипов.
18.02.2010. 08:45
 Тайсон
Орто экен!бирок бул ырчыдан бир нерсе чыгат деп ойлойм!
20.02.2010. 10:59
 elli
Уну жакшы экен,мага жакты
23.03.2010. 18:23
 Happiness
Ayabay soonun!!!
24.03.2010. 20:05
 adilxx
озу дагы мощный,клиби дагы мощный ,фигурасы дагы ,уну дагы короче баары мощный екен !
24.03.2010. 20:23
 ryzhak
Дешёвый! Жок? Супердешёвый клип... Бирок, adilxxге жагыптыр эй?! Мага жакпайт... Такыр жакпайт. Ыр туфта, клип дагы, актер дагы, ырчы дагы, мен дагы...
24.03.2010. 22:33
 adilxx
ryhsak,албетте сындаш керек ,сын дагы керек сын айтылбаса атаандаш чыкпаса алдыга умтулуу абдан жай журсо керек ,баарыбыз мактай берсек адам алдыгы жылбай калат ,жамандай берсек эл алдына чыкпай калат ,ТУУРАБЫ RYHSAK ?!?!?!
24.03.2010. 23:39
 AizhamalMarat
надо было немного подумать над одеждой и макияжем исполнительницы...
27.03.2010. 13:32
 BOLOTBEK ЧМИ
МЫКТЫ ЫР ЖАНА ЖАКШЫ КЛИП!!!АРАНЖИРОВКАСЫ КОРКТУ АЧКАН!!
14.04.2010. 16:41
 edu
bul kyzdan bir nerse chyga turgandai,yry ukkuluktuu!
15.04.2010. 12:00
 Барби
таланты бар кыз экен. осо берсин
10.05.2010. 01:58
 sakura
klip an4a emes ir super eken.
03.07.2010. 17:11
 Aiko
Мага жакты.Ыры дагы жакшы,клиби жонокой болгону менен,абдан жагымдуу экен.Корсом эс алып жатам.
08.10.2010. 19:32
 hanguk
МАГА ЖАКТЫ УНУ УКМУШ ЭКЕН!
19.11.2010. 03:44
 Otkurbek
Ырда клипда жакшы
03.12.2010. 11:31
 japarova
unu jakwi,birok kliptegi bala aman ele bolsunda,judomuwtordoy eken!klip degen suykumduu boluw kerekda..a bul klipte ekoo para dagi bolboyt eken..korgum kelbeyt,no uksa bolot MP3.
03.01.2011. 15:35
 Gaga
завидуйте молча
05.01.2011. 23:53
 Нургуль
жакшы ыр экен мага аябай жакты ты супер
05.01.2011. 23:55
 Нургуль
озу жакшы жана жашнакай экен бала деле жашнакай экен бирок причоскасы жакпады мага
11.06.2011. 01:16
 boke
maga jakty jakshy eken kiliptegi bala 4oto taanyshtai bolup jatat atyn kim bilet eken maga kabarlap koigular4y
11.06.2011. 01:18
 boke
Aibolot degen yr4y jok ekenda maga oshol jakkan ele birok eliza jaktyn
28.01.2012. 19:00
 Iliays
абдан жакшы, молодец Элиза ийгилик сага!
30.09.2013. 05:10
 milliarder
Yr norm a klip an4a emes
10.03.2014. 20:47
 u5er
ыр жакты
29.07.2014. 11:03
 Ulashkin1717
мумкун анжелика же башкалардыкындай акчасы же алардай бай депутаттар менен суйлошпойт поэтому клиби ошондой? ааа как вы думаете?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: