Жанр:Поп
00:03:01
48,01 Мб
Жүктөлгөн: 23-03-2010
Сөзү:М.Орозовдуку
Обону:Ө. Сапар уулунуку
Ойнобой жашынмак,
Бойлойлу жашыл бак.
Убакыт учкан куш,
Удургуйт закымдап.
Шам болуп жаналы,
Бал болуп тамалы.
Кош булак өңдөнүп,
Кошулуп агалы.
Кайырма:
Асылсыз акактай,
Тунуксуз булактай.
Түйшүккө салдыңыз,
Түгөнбөс азаптай.
Болбоско терикпей,
Болсоңуз деңиздей.
Эзилет жүрөгүм,
Эсимден сиз кетпей.
Күн санап кезиккен,
Күндөрдү көп эстейм.
Күйүткө салбаңыз,
Күтөмүн күндө мен.