Жумагүл Раимжан кызы "Сүйүү бакыты"
Жанр:Поп
00:03:51
48,75 Мб
Жүктөлгөн: 14-05-2014


Сөзү:Н.Кадырбек кызы
Обону:Ж.Жанболот кызы

Өзүңдү сүйүп жүргөн, ай,
Бир эмес, көптү билем.
Көзүңдөн күйүп жүргөн, ай,
Жалындуу отту билем.

Жазылган маңдайыма сени,
Кемибес бак деп билем.
Тапканга бир өзүңдү,
Шүгүр деп жашап келем.

Кайырма:
Мен сени жылдыз эмес да,
Жаркыган ай деп билем.
Күз эмес, сары жандуу,
Көлкүгөн жай деп билем.
Сен мага учканды үйрөттүң,
Тордогу булбул элем.
Сүйүүнү тутканды үйрөттүң,
Күдүкчүл бир муң элем.

Мен сени бул өмүрдө,
Түгөнбөс ыр деп билем.
Төгүлгөн төбөмдөгү, ай,
Эң жылуу нур деп билем.

Өзүңдү өмүрүмдүн, ай,
Сакчысы, эр деп билем.
Айымды аяй билген, ай,
Эң айкөл шер деп билем.
  • Currently 4.00/5
(8 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (35)

14.05.2014. 21:59
 nurai92
Что за платье?
15.05.2014. 11:41
 Drogba
Азаматсын Жумагул ийгилик чыгамачылык иштерине ар дайым алдыда бол демекчимин.
15.05.2014. 15:47
 sumka
koinogunuz fffaaaaarfffyyyyyrrreeeeiiiwwwiiiiinnnn)))))yr sonun
15.05.2014. 22:53
 Schookum
Urdun sozdory jakshu eken
16.05.2014. 01:53
 peri...97
Ыры сооонунго
16.05.2014. 03:51
 mekusha
minisov netu jakshy eken
16.05.2014. 12:46
 tulpanka92
Алга очпо
16.05.2014. 18:05
 nazikerbol
Ырдын созу музыкасы да аябай жакты,аткарганда да жакшы аткарыптыр,Ырдын созун Нуркыз эжеке жазыптыр,аман болунуз эжеке дагы дагы коп жакшы чыгармаларды жарата бериниз ийгилик сизге,уй-булоолук бакыт каалайм.
17.05.2014. 01:03
 Elanda
Ырдын тексти менен музыкасы жакшы айкалышыптыр. Жумагулго чыгармачылык изденуу каалайбыз. Особенно, мимикалар одну и тоже... Жанылануууу......
17.05.2014. 13:12
 jypara1415
Ырдын авторун , клипке тартканы жакшы чыгыптыр . Нуркыз эже ар - тараптуу мыкты айым !
17.05.2014. 18:48
 NADUW
ссссупер ыр! мыкты ырларды катарын толуктайт.ийгилик чыгармачылык!
18.05.2014. 14:07
 ggvatua
Нуркыз эже,жакшынакайсыз!Жумагулго ийгиликтер,ыр жакшы экен.
19.05.2014. 00:56
 Meliana
Сонун
21.05.2014. 03:31
 sumka
ke4iresizder, kuduk4ul Degen sozdun maanisi kandai,men tuwuno albai koidum Сүйүүнү тутканды үйрөттүң,
Күдүкчүл бир муң элем.???maga aityp kounzdar4y dostor?
22.05.2014. 02:32
 nazikerbol
мен дагы ошол создун маанисин билбейт экенмин билгендер болсо жазып коюнуздарчы сураныч,алдын ала рахмат.
23.05.2014. 22:47
 Aikoo2014
Ырда клипта соонунго,клиптеги айымдын калы жакты.
26.05.2014. 10:30
 malik
Pozhelaniya: 1."Xa-xaxa-aaaa" degen zhery takyr okshoshpoi zhana zharashpai kalyptyr. 2. Gitaradagy bala oozunu achai ele tursa zhakshy bolmok.

26.05.2014. 10:35
 malik
3. koldorun adep ele zhazaberbesten zhonele tabygyi turup yrdasa dagy zhakshy korunmok.
09.06.2014. 16:08
 matatas
текст жакшы бирок бул ырдын саптары белгилуу эле акындардыкы болсо керек.
Бирок точно Нуркыздыкы эмес.
11.06.2014. 20:31
 dream2013
Ушул ырчылар бетинерди ххх ххх make up жарашыктуу кылып стильди ондосонор боло жаш туруп илгерки ххх болбой .ырчы чоорчулар олконун жузу дегенди билесинерби.Модератор admin_media түзөттү 12.06.2014 09:33
12.06.2014 09:33
admin_media
dream2013,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
02.07.2014. 10:33
 nurikjn
Талантынызды баалаймын, бирок ушул эле ырдын казакчасын уктум эле. Чыныгы автору ким экен?
03.07.2014. 08:53
 Adilet2014
Мен да казакчасын да уктум. и клибин да кордум кыргыздар казактан которгонбу же казак кыргыздан которгонбу
21.08.2014. 10:32
 kchoro
Нуркыз ыр жазбайт, анда акындык талант да жок. Болгону ал дайыма элдин көңүл борборунда болгусу келет. Нуркыз элдин көз алдына чыгып туруш үчүн ыр жазат, журналист болот, депутаттыкка коет, клипке тартылат ж.б.ж.б. нерселерди жасоодон кайра тартпайт. Обон казактардыкы, ыр ар акындардын саптарынан уурдалып алынган. Жумагүлдүн үнү жакшы. Клипти жакшы тартууга аракет жасалыптыр.
08.09.2014. 18:25
 myrzaly78
Күдүкчүл бир муң элем эмне деген?.
16.09.2014. 17:58
 altyn1707
Мага аябагандай жакты!!!! клип ыр да сонун экен!
16.09.2014. 18:06
 altyn1707
Кундуз молодец уй булон менен сонун тартылыптырсын,дайыма уйундо бактылуулук орноп балдардын кулкусу очпосун!!! Миргул
05.02.2015. 15:00
 ArGeN4iK
Супер ырчы айым мага суйгон кызым ушул ырды жиберди угуп жактырып калдым бул ырды
08.04.2015. 20:47
 burulu
данияр эрматовдун ырдаганына жетбейт ,,,,,
29.04.2015. 13:31
 mersedes2013
Ыр кимдики кандай кызык? Жумагул соонун ырдаган.Азаматсын.Супер.
06.05.2015. 12:30
 mersedes2013
Аябай соонун ыр клип да мыкты.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: