Жанр:Поп
00:04:11
58,39 Мб
Жүктөлгөн: 04-07-2016
Сөзү:Бактыгүл Чотурованыкы
Обону:Б.Борбиевдики
Ооруп калды деп угуп капысынан,
Узак болуп күндүн да батышы улам.
Ойлор кечип отурдум өмүр тилеп,
Жол түшсө деп ак таңдын атышынан.
Кайырма:
Оору сизден адашсын болуп алыс,
Жакшылыкта жадырап жолугабыз.
Жарык дүйнө бардыгын эске салчы,
Оорусаңыз таарынам, оорубаңыз...
Сиз мен үчүн сыйлуусуз, эбегейсиз,
Балким, буга түшүнбөй неге дейсиз.
Ак жүрөктүү асылдар аз болушат,
Сиздей таза, кадамын ченебей түз.
Кайырма:
Билбейм неге мен сизди аяп турам,
Амандыкты чакырып канаат кылам.
Бийиктикке сиз турган шаты коюп,
Бийлик кылып бир сезим баратты улам.
Кайырма: