Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи"
Жанр:Поп
00:05:21
58,43 Мб
Жүктөлгөн: 16-06-2014


Сөзү:Г.Сатыбековдуку
Обону:Г.Сатыбековдуку

Бак тиктик, дарактар да куурап калды,
Тамыры сууга жетпей кургап калды.
Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы,
Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды.

Кайырма:
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен сенден кетким келди, кетейинчи,
Баарын ал, каалаганың берейинчи.
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.

Көңүлгө бир муздактык уюп алды,
Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды.
Койнуңа чакырбачы, эркелетпе,
Жан дүйнөм сенден качып туруп алды.

Кайырма:

Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды,
Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды.
Тумчугам кучагыңда түндөр узун,
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.

Кайырма:
  • Currently 4.76/5
(17 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (106)

20.06.2014. 02:27
 sergo
Атам отту деп кабар келип ошко учтук таксиде журогум эзилип баратканда ушул ыр жанырып турду уйго жеткиче негедир ушул ырды уксам ошол кара кун эсиме келет. Буулугуп кетем. Создору аябай маанилуу. Рахмат ыр учун Гулжигит байке.
20.06.2014. 14:04
 Айдай
супер!!!
20.06.2014. 20:12
 alisa.ilias
Салам супер инфо мен мурда кочуруп эле жургом кыргызстанга келгенден кийин кочурулду деп жатат ачсам ачылбай кайра кайталап кочур деп эле болбой жатат ушу клипти коргондон бери кочуро албай журом жардам бериниздер
20.06.2014. 21:05
 Sima.m
Все его песни, клипы СУперские!!!!
20.06.2014. 23:08
 samidinova84
Клипте жакшы тарбиялык маанини чагылдырыптыр,азамат.тугойлордун бири-бирине болгон сезим муздабашын каалайм!!!
21.06.2014. 01:23
 moviemaker4
yr JAAALKA AILANAIYN BRATAN ushul kantip bolsun!!!yr olupturda emi yrdyda ukkum kelbei kaldy
21.06.2014. 02:10
 wustraya
Гулжигит азаматсыз!!!Азаматсыз!Азаматсыз!Азаматсыз .Башка соз жок! Азаматсыз!
21.06.2014. 23:34
 ruffo90
ыр жакшы, клип жакшы эмес. Башкы ролдогу кыздын ролун башка актриса аткарса болмок, бул кыз окшото албаптыр.
22.06.2014. 10:37
 Elya7186
Клип жакшы чыгыптыр бирок аягына жакшы тушунбой калдым бала озун таштап жибереби?
23.06.2014. 14:40
 kyrgyz_uulu
Рахмат сизге
гулжигит сатыбеков
чыгармачылык иштеринизге дагыда ийгилик
24.06.2014. 11:23
 kama_future_millioner
Создорун мурдагыдай жакпай калды. Бурколуп ар бир кунум мунга айланды
24.06.2014. 17:54
 Mir83
уландысын кутобуз
26.06.2014. 10:56
 dinumdinum
мен дагы аягын тушунбой калдым.эмнеге кайра жылмайып кулуп турат???
26.06.2014. 20:16
 beka88
бртан ийгилик!!
29.06.2014. 15:44
 shirin27
emi tochno EMI EMI MAGA baari bir dep klip tartish kerek ekinchi seriyasin, oshondo sonun bolot. ir da klip da sonun
02.07.2014. 08:07
 Nuraiym.marasilova
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи......
06.07.2014. 19:40
 bakay93ka
азаматсын мен сиз менен Гүлжигит ага
06.07.2014. 23:07
 bakyt-251190
Абдан жагат ушул ыр маанисине соз Жок класс
16.07.2014. 11:46
 ayildik_kiz
Маанилуу ырларын жарата берсин.Ыр аябай сонун.
19.07.2014. 13:18
 Beise
Клипте бир озуно татыксыз жубайы учун жигиттин учуп кетишин каалабайм тескерисинче бала айыгып башка менен бактылуу жашап калышын кутом Мындай женил ой кыздар толтура оз бактысын сезе албаган
30.07.2014. 11:32
 ayakosya
Мирбек ырдайбы Нурбек ырдайбы баары бир Гулжигит хит болот.
08.09.2014. 15:51
 virus90
Таалай Стамовдун мен бактылуу сага жетпей калганга деген ырын киргизип койгулачы
08.09.2014 16:45
admin_superstan
virus90, саламатсызбы!
Тилекке каршы, бул ырчы биздин тизмеде жок. Эгер тизмеге кошулуп калса, сөзсүз жүктөлөт.Модератор admin_superstan түзөттү 08.09.2014 16:45
14.09.2014. 17:24
 ulan1978
клиптеги бала оскон акенин баласы дилмурат эмеспи билгендер жооп жазып койгулачы жедигер айылындагы
23.10.2014. 00:03
 kindly_girl91
сооооооооооооооооооооонун мага аябай жагат ушул ыр
01.11.2014. 21:31
 suiun77
Супер!!!
19.11.2014. 12:59
 moskva
эн сонун ыр...Балдарым да ото суйуп угушат..
27.11.2014. 14:46
 Asus84
ий аялы ХХХ ХХХ кудай сактасын ушундайдан, бирок актерлор сулуу экенМодератор admin_media түзөттү 27.11.2014 15:03
27.11.2014 15:22
admin_media
Asus84,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк банга!
05.03.2015. 10:36
 M.Lancer
Грустный ыр башынан оор турмуш откоргон окшойт .
14.05.2016. 19:09
 Kurmanbek_9009
Эржан азаматсын!
31.01.2017. 19:59
 Meerim2210
Оооло ЖакшЫ
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: