Бек Борбиев "Карагат"
Жанр:Поп
00:03:51
38 Мб
Жүктөлгөн: 18-06-2014


Сөзү:Б.Борбиевдики
Обону:Б.Борбиевдики

Мен бул ырды ырдап жүргөм жашымда,
Маанисине түшүнбөй.
Тагдыр экен, жаштык экен, кантейин?
Өттү ал кез түшүмдөй.
Чыга калат “коюңуз” деп уялсаң,
Ууртуңдан уячаң.
Чыдай албай моюнуңдан жыттаймын,
Жаз гүлүндөй буралсаң.

Кайырма:

Кантип анан эзилбейм, карагатым?
Капилеттен жоготтум да, кайра таптым.
Бирде өбүп, бир өппөй,
Көз жашыңды көрсөтпөй,
Ийиниме башың жөлөп бара жаттың.

Мен бул ырды токуганмын жаш кезде,
Мазмунуна сүңгүбөй.
Ал кездеги окуялар эсимде,
Азыр ушул күнкүдөй.
Жакаң ылдый алма жыпар жыттанат,
Бир көрүнүп, көрүнбөй.
Эриндериң илебиме ыкталат,
Кожогаттын өңүндөй.

Кайырма:

Бир мен өбүп, сен өппөй,
Же сен өбүп, мен өппөй,
Ийиниме башың жөлөп бара жаттың,
Бирде ыйлап, бир күлүп сен бара жаттың...

  • Currently 4.62/5
(13 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (27)

18.06.2014. 18:51
 Arti
Сонун ыр экен! Бек байке канча кыздын багын ачты экен десен?)(Бирде өбүп, бир өппөй,)канча кызды арманда калтырды экен?)
Бир мен өбүп, сен өппөй,
Же сен өбүп, мен өппөй,деген саптары жакты.
18.06.2014. 19:25
 gulmaray
Бек Борбиев байкебиз дагы эле жаш бойдон го. БАР БОЛУНУЗ!
18.06.2014. 19:31
 meerimjan89
Ырлары жагат мага аябай жакшы клип экен
19.06.2014. 09:19
 admin_media
elish55,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен кирип көрүңүз.
chinaltyn, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.Модератор admin_superstan түзөттү 19.06.2014 10:09
19.06.2014. 09:52
 begusia
Эптеп эле бир клубта клип тартып койот,ырлары жакшы кудайга шугур акчасы деле болсо керек. Бир маанилу клип тартса жакшы болмок...
19.06.2014. 11:23
 azamat94
Сонун
19.06.2014. 11:58
 adelima
Бек байкебиз Гулчотай ырына да ушу джинсы шымын кийип тартылыптыр эле
19.06.2014. 16:33
 zara
Бек байке ушундай клип тарткандан уялсаныз болмок. Эптемей. Анан ушундай клипти көрүп жаш ырчылар кандай үлгү алат? Сиздерге карап үлгү алып түзөлүшсө керек. Анан ушундай сапаттагы жумушту көрсөтүп жатсаӊыздар эмнени күтүш керек алардан?!
19.06.2014. 19:03
 mediko.nurlanovna
ырынызга клипиниз топ елишкен жакшы клип тарчыс еле...ырда жакшы бирок клип ж-до емне айтарымды билбей турганым....
20.06.2014. 00:03
 ayaza
Жаккан жок,илгерки ырларына жетпейт,окшош-окшош ырларды чыгара баштады,клиптери да ото эле простой,качан болсо эле жаш кыздардын жанында эле журот.Возрастынызга жараша терен маанилуу,жакшы обону менен ырларды чыгарынызчы. мурдагы ырларынызды жактырып угабыз...Модератор admin_superstan түзөттү 20.06.2014 10:27
20.06.2014. 10:29
 admin_superstan
Arabella, кимдир бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, кадыр-баркына шек келтирүүгө, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! 10 күн БАН!
20.07.2021 18:01
munduz2016
admin_superstan, ушул ырды аккордеондун коштоосунда аткарганы бар болчу ушул сайтта.Мен таппай калдым силер таап бергилечи?
21.07.2021 09:17
admin_media
munduz2016,https://www.super.kg/media/useraudio/58475 ушул жактан уксаңыз болот
20.06.2014. 12:13
 ayakosya
Бек мырза Гулжигит Сатыбековдон улгу алсаныз болот эле сизден кичуу болсо дагы.
20.06.2014. 12:40
 Oi_pikir
Мен бул ырды ырдап жүргөм жашымда, маанисине түшүнбөй... ушундай саптар болсо эле жаш баланы кошуп кою керекпи, клипмейкер, режиссерлор кичине ойлонуп, изденсеңерчи! Бектин клиптери көздү жуумп алып эле көрбөй туруп кандай болорун айтып бере турган болуп баратат. "Агама" бийлейт, Бек ырдайт... Өкүнүчтүү. Мааниси жакшы, жагымдуу ыр болчу.
21.06.2014. 01:21
 moviemaker4
chynyn aitkanda takyr ele bolboi kalyptyr,emne baary ele ushintip eptep septep tarttyra berishet kichine araket kylyshsa bolboibu
23.06.2014. 05:13
 jumatone
Ал дейбиз бул дейбиз англисче билбейбиз дегендей жон жерден тартылбагандыр бул клип ыр болсо укмуш
24.06.2014. 02:54
 papanstan
Жаккан жооооооок------------
26.06.2014. 10:45
 dinumdinum
мага дагы жаккан жоооооок!!!
27.06.2014. 08:19
 zhookaev
бек байке акыркы кундору ырларыныз супсак болуп калды ырыныздын вариантын озгортсонуз жакшы болмок токтолуп
15.07.2014. 15:14
 apal.87kg
Бек сизге суктанам жана сыйлайм.сонун ырдайсыз.коро албагандар отура бергиле ичинер орттонуп..
27.07.2014. 16:25
 Take200182
Бектин бир ырын сурандым эле мен таап бересиздерби деп ошол эмне болду экен?
27.07.2014. 16:31
 Take200182
Айлуу тун сырларым сен"деген ырын айттым таап бересинерби деп жооп болгон жок
27.07.2014 21:32
admin_superstan
Take200182, ырчыдан ырын алсак жүктөлөт.
28.07.2014. 22:36
 Take200182
Салам Админ мага ошол ырды таап берсениздер жакшы болот эле алдын ала рахмат
09.08.2014. 15:05
 Take200182
Салам Админ Бек Борбиевдин Айлуу тун сырларым сен деген таап берсениздер жакшы болот эле алдын ала рахмат
14.10.2014. 16:33
 omurzak
Ушул аркасында бийлегендери жага бербейтда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: