Жанр:Эстрада
00:03:30
24,84 Мб
Жүктөлгөн: 27-11-2008
Сөзү:Бек Борбиевдики
Обону:Бек Борбиевдики
Кызыл гүл көрдүм,
Жүрөк арбалды.
Сезимдер кайкып,
Сүйүүм арналды.
Гүлгө жетпедим,
Тагдыр ушундай,
Кайсарып учам,
Кайгы кушундай.
Кайырма:
Тамчы, тамчы шүүдүрүм,
Таң алдына жетпей күбүлдүң.
Канча, канча сулуу кыздардын,
Кирпигинен көз жаш болуп
Кирпигинен актың, үзүлдүң.
Алчумун тосуп,
Мойнуңдан жыттап.
Көбүрчүм көлдөй,
Көөдөнүм ыктап.
Ал күндөр калды,
Арман оролгон,
А балким, жомок,
Балким, болбогон.